2024-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу “санариптик” секирик үчүн укуктук негиз болчу “Кыргыз Республикасынын Санариптик кодекси” кабыл алынат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын аппараттык жыйынынын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди.
Ал санариптештирүү алкагындагы ишмердүүлүктүн маанилүү багыттарына токтолуп, Кодекс бардык мыйзамдардагы санариптик нормаларды бириктирип, бир гана документтин негизинде иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берерин билдирди.
Акылбек Жапаров учурда Кыргызстандын экономикалык активдүү калкынын 80% санариптик документтер менен камсыздалганын, жакында болгон жер титирөөдө телефон алып көчөгө чуркап чыккан көптөгөн жарандарга бардык керектүү маалымат жеткенин ага мисал экенин айтты. Ал жер титирөө тууралуу маалыматты Android смартфондору гана жибергенин, эми ушул эле багытта Apple, Google жана Microsoft компаниялары менен диалог жүргүзүү маанилүү экенин кошумчалады.
Кыргызстандын Санариптик кодексинин долбоорун Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылдын августунда коомдук талкууга чыгарган. Анда электрондук кат жүгүртүү, маалыматты коргоо, маалыматтык технологияларды, жасалма интеллектти колдонуу боюнча да мыйзамдар жок экени айтылган.
Санарип кодексинин кабыл алынышы менен бул тармакты тейлөөнүн жалпы стандарты пайда болору жазылган. Долбоордо виртуалдык активдер боюнча берене жана майнерлердин реестрин түзүү, электрондук соода боюнча дагы жаңы беренелер бар.
Санарип кодекси өлкөдөгү санариптик тармактын бирдиктүү документи болот жана анын ишке кириши менен электрондук башкаруу, кол тамга, жарандарды биометрикалык каттоо, жекече мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө жана санарип башкарууга тиешеси бар 30дай мыйзам жана андагы айрым беренелер күчүн жоготот.
Соңку беш-он жылдан бери кыргыз бийлиги санариптештирүү жараянын ишке ашырууга аракет кылып келет. Азыркы бийлик да Кыргызстандын бардык мамлекеттик кызматтарын санариптик формага өткөрүү саясатын күчөткөн. (ErN)