Бишкекте мектеп, бала бакча 7-февралдан тартып иштей баштайт

Жарылуудан кийинки Бишкек ЖЭБи. 2-февраль, 2024-жыл.

Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) жарылууга байланыштуу онлайн окууга өткөн муниципалдык билим берүү мекемелери жана бала бакчалар 7-февралдан тарта кадимкидей иштей баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн Медиа штабы 5-февралда билдирди.

Энергетика министри Таалай Ибраев Бишкек шаары жылуулук менен 100% камсыздалып, ысык суунун ЖЭБден чыккан табы 100 градуска жетерин 5-февралда билдирди.

2-февралда Бишкек ЖЭБинде таңкы саат үчтөр чамасында жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга дарыланууга жөнөтүлдү.

Жарылуудан улам шаарга жылуулук берүү чектелип, ысык суу токтотулган. Мектеп жана бала-бакчалар "кырдаал калыбына келгенге чейин" онлайн окууга өткөрүлгөн.

Кырсыкты изилдөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлүп, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеп жатат.

Башкы прокуратура окуя боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жүргүзөт.(ZKo)

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров Санариптик кодекс жыл соңуна чейин кабыл алынарын айттыЫсык-Көлгө куйган суулар 70% азайдыГазадагы кырдаал: Блинкендин араб мамлекеттерине бешинчи сапары башталдыМуслима: 13 жыл чогуу жашаган күйөөм үстүмө аял алып алды Зеленский согуштук абал жана мобилизация мөөнөтүн дагы узартууну сунуш кылды