Кыргызстанда ККМ колдонгондор үч жылда төрт эсе көбөйдү

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК-ЭТТН), көзөмөл-кассалык машине (ККМ) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ). "Азаттыктын" коллажы.

Кыргызстанда Көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонгон ишкерлердин саны 75 695ке жетип, 2020-жылга салыштырмалуу төрт эсе көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Мекемеден билдиришкендей, буга салык органдары жүргүзгөн түшүндүрүү иш-чаралары жана ишкерлерге 10 миңден ашык гибриддик ККМди бекер таратуу себеп болду. Аталган нерсени өнүктүрүүгө мындан сырткары Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы да оң таасирин тийгизди.

Мамлекеттик салык кызматы ККМ менен иштөөгө милдеттүү ишкерлерге көзөмөл-кассалык аппараттарды орнотуу боюнча иш 2024-жылы да улантыларын билдирди. Ушул күнгө чейин ККМдин 33 моделин камтыган реестр түзүлүп, 26 техникалык тейлөө борборлору менен өз ара аракеттенүү боюнча келишим түзүлгөн.

2020-2021-жылдары аталган аппараттарды колдонгондор Кыргызстанда болгону 15-20 миңдей болчу. Салык кызматы Кыргызстанда ККМ колдонгондордун санын 100-150 миңге чейин жеткирүүнү пландаган.

Кыргызстандын бийлиги соңку эки-үч жылдан бери бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда, анын ичинде Ош шаарында бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (ErN)

Дагы караңыз

Кыргызстан таза суу менен камсыздоого донорлордон 545 млн доллар алганКытайдан жүк ташыган айдоочулар кыргыз бийлигине кайрылыштыТармактык комитет Дүйнөлүк банктан Камбар-Ата-1 ГЭСи үчүн 5 млн доллар алууну колдодуБишкек шаардык соту дагы үч журналистти камакта калтырдыБренддерди өзгөртүп, мыйзамсыз товар саткандарга 300 миң сом айып пул салуу сунушталдыТөрт айда кыргыз-тажик чек арасынын 196 чакырымы такталганы кабарланды11 журналисттин иши: Сот Султаналиевди, Тажыбек уулун камакта калтырды