Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:20

Кытайдан жүк ташыган айдоочулар кыргыз бийлигине кайрылышты


Кыргыз-кытай чек арасындагы Топо участогунда турган автоунаалар. 5-февраль, 2024-жыл.
Кыргыз-кытай чек арасындагы Топо участогунда турган автоунаалар. 5-февраль, 2024-жыл.

Кыргыз-кытай чек арасынын Кытай тарабындагы Топо аймагында ондогон кыргызстандык айдоочулар жүктөрүн күтүп, үч күндөн бери көчөдө түнөп жатканын “Азаттыкка” айтышты. Айдоочулар турган жердеги төрт мейманкананын үчөө жабылып, машинеде түнөгөнгө уруксат берилген эмес.

Кыргызстандагы “Сапарман” айдоочулар ассоциациясынын жетекчиси Максатбек Дүйшеев бул окуя боюнча консулдукка кайрылуу болгонун, Кытайдын Топо участогунда 80ден ашуун айдоочу турганын билдирди.

“Консулдук Кытай боюнча бардык мейманкана, жатаканалар текшерилип, көбү өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербегендиктен жаап жатканын билдирди. Ошондуктан эч кандай жардам бере албасын айтышты. Мындай окуялар COVID-19 пандемиясына чейин катталып турган, бирок ал кезде айдоочулар маселесиз эле өз автоунаасында түнөчү. Азыр ага да уруксат бербегендиктен кыйынчылыктар болууда. Айдоочулар азыр орто жолдо калып жатат. Мамлекет да, консулдук да карабай, мекендештер ыңгайсыз абалда турат. Биз Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине кат даярдап жатабыз”, - Максатбек Дүйшеев.

Айдоочулар ассоциациялары транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев менен бир ай мурда жолугушууда ушул өңдүү маселелер тууралуу айткан. Анда министр бул көйгөйлөрдү карап, биргеликте чечүүгө даяр экенин билдирген.

Акыркы окуя боюнча тиешелүү министрликтер комментарий бере элек.

Соңку кездерде Кытайдан Кыргызстанга ташылган жүктүн көлөмү көбөйдү. Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматына таянсак, 2023-жылдын жыйынтыгы менен Кытайдан импорттолгон товардын жалпы наркы 4 млрд 780 млн доллар болду. Анын ичинен ташылган автоунаалардын саны 1 млрд 30 млн долларды түзөт. Кытайдан ошондой эле элдик керектөөдөгү товарлардын 60-70% ташылып келет. (KS)

XS
SM
MD
LG