Орусияда шайлоого аттанган Надеждин топтогон колдордун 15% жаратпай коюшту

Борис Надеждин.

Орусияда Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер болуп катталуу ниетин билдирген Борис Надеждин топтогон колдордун арасынан 15% жаратпай койду.

"Комиссиянын отуруму аяктады, документтерибизди алдык. 15,348% жараксыз дешти, алдыда уйкусуз эки түн турат", –деп жазды Надеждиндин шайлоо штабынын өкүлү Игорь Артемьев.

Орусиянын шайлоо мыйзамдарына ылайык, үч этаптуу текшерүүдөн кийин күмөн жараткан колдордун саны 5% көп болбошу зарыл. Бул талап аткарылбаса шайлоо комиссиясы кол топтогон кишини талапкер кылып каттабайт жана ал жарыштан чыгарылат.

"Эгер Борбордук шайлоо комиссиясы мени каттоодон баш тарта турган болсо, Жогорку сотко кайрылам", – деген Надеждин жараксыз деп табылган колдор боюнча тактоо, териштирүү иштери жүргүзүлөрүн айтты. Надеждиндин маселеси эми шайлоо комиссиясынын 7-февралдагы отурумунда каралат.

Анын шайлоо штабынын маалымат катчысы Павел Бурлаков «биз колдорду канчалык чынчылдык менен чогултканыбызды бүт дүйнө көрүп турду» деп жазды.

Москванын Украинага кол салуусун токтотууга ачык үндөп келе жаткан саясатчы Борис Надеждин расмий түрдө президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергени 31-январда маалым болгон. Ал 110 миңден ашуун кол топтой алганы, бул зарыл болгон 100 миң колдон көп экени белгиленген.

“Жарандык демилге” партиясынан көрсөтүлүп жаткан, Өзбекстанда туулуп, кийин Орусияда жашап калган, бешинчи жолу президенттикке аттанып жаткан Владимир Путиндин саясатына каршы билдирүүлөрү менен белгилүү болгон 60 жаштагы Надеждин физика-математика илимдеринин кандидаты.

Ал саясатка 1990-жылдары аралаша баштаган. 2000-жылдардын башында Мамлекеттик думада «Оңчул күчтөр союзунан» депутат болгон.

Надеждиндин президенттикке аттанышын Орусиядагы оппозиционер саясатчылар Максим Кац, Михаил Ходорковский жана Кремлдин башкы сынчысы, азыр абакта кармалып отурган Алексей Навальныйдын тарапташтары колдошту. Анын талапкерлигин колдогондордон кол топтоо бекеттерине узун кезекке турган адамдардын сүрөт, видеолору социалдык түйүндөргө жарыяланып, талкуу жараткан.

Орусияда президенттик шайлоо 15-17-мартта өткөнү жатат. Катталган талапкерлердин тизмесин Боршайком 10-февралга чейин жарыялашы керек. (RK)

Дагы караңыз

Тармактык комитет Дүйнөлүк банктан Камбар-Ата-1 ГЭСи үчүн 5 млн доллар алууну колдодуУкраина фронтто 78 жерде кагылышуу болгонун билдирди Таласта жыл башынан бери кызамык жуктурган 40 учур катталдыКыргызстан таза суу менен камсыздоого донорлордон 545 млн доллар алган