Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:41

Таласта жыл башынан бери кызамык жуктурган 40 учур катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облусунда жыл башынан бери кызамык жуктурган 40 учур катталды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Талас облустук санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Чолпон Сагындыкова билдирди.

Маалыматка караганда, илдетти жугузгандар өзгөчө Талас шаарында жана Талас районунда көп болууда. Алардын ичинен алтоо бала бакчадан жугузган.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин 17-январдагы жыйынында Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 22 миңге жеткенин, бул оорудан тогуз бала чарчап калганын айткан. Министр ата-энелердин көбү диний түшүнүктөн улам балдарын эмдетпей жатканын белгилеген.

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы балдарды медициналык эмдетүү ислам динине каршы келбей турганын билдирген.

2023-жылдын декабрь айындагы маалымат боюнча, Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн кызамыкка каршы 750 миң доза вакцина алып келинген.

ЮНИСЕФ уюмунун 15-декабрдагы баяндамасында Европа жана Борбор Азия чөлкөмүндө кызамыктын жайылышы 2022-жылга салыштырмалуу кескин өскөн.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашында жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө. (MKt)

XS
SM
MD
LG