Украина фронтто 78 жерде кагылышуу болгонун билдирди

Соңку сутка ичинде фронтто 78 жерде кагылышуу болгонун, айрыкча Донецк облусундагы Авдеевка багытында кармаш катуу жүрүп жатканын, ал жерде орус армиясынын 44 чабуулунун мизи кайтарылганын бүгүн 5-февралда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди.

5-февралга караган түнү Орусия Харьков облусунда эки шаарды аткылаганын, үйлөр, административдик имараттар, айыл чарба техникасы талкаланганын, Купянск багытында сокку күн сайын урулуп жатканын, жарым жылдан бери фронттун бул аймактагы бардык тилкесинде айыгышкан кармаш уланып келатканын жергиликтүү бийлик башчысы Олег Синегубов кабарлады.

Донецк облусунун Торецк шаарында орус аскерлеринин ракеталык чабуулунан бир кишинин өмүрү кыйылганы, дагы бир нече киши жараат алганы маалымдалды.

Кривой-Рогдо 2-февралдагы учкучсуз учактын чабуулунан жабыркаган электр тармагынын иши калыбына келтирилгени, электр жарыгы бардык абоненттерге толук бериле баштаганы маалымдалды. Бул күнү шаарда 62 миңдей керектөөчү электр жарыгысыз калган, эртеси күнү оңдоо иштери жүрүп жатканда кайрадан сокку урулган.

Украин президенти Владимир Зеленский согуштук абалдын жана жалпы мобилизациянын мөөнөтүн дагы 90 күнгө узартуу тууралуу мыйзам долбоорлорун Жогорку Раданын кароосуна киргизди. (RK)

Дагы караңыз

Таласта жыл башынан бери кызамык жуктурган 40 учур катталдыКыргызстан таза суу менен камсыздоого донорлордон 545 млн доллар алганБишкек шаардык соту дагы үч журналистти камакта калтырдыБренддерди өзгөртүп, мыйзамсыз товар саткандарга 300 миң сом айып пул салуу сунушталды