Байден Түштүк Каролинада өткөн алгачкы праймеризди утту

АКШ. Түштүк Каролина. Шайлоо бекети.

АКШ президенти Жо Байден шайлоо өнөктүгү алкагында Демократтар партиясынын Түштүк Каролина штатында өткөн алгачкы праймеризин (талапкерлерди баштапкы шайлоо) утту.

Бюллетендердин дээрлик баарын эсептеп чыккандан кийинки баштапкы маалыматка караганда, ал добуштардын 96,4% алып, эки негизги атаандашы – конгрессмен, Өкүлдөр палатасынын Миннесотадан өкүлү Дин Филлипстен жана жазуучу Марианна Уильямсондон озуп чыкты.

Түштүк Каролинадагы жеңиш Байденге тандоочулардын алгачкы добуштарын алып келди. Келечекте президенттикке партиядан талапкерди ошолор аныкташат.

23-январда праймериз Нью-Гэмпшир штатында өткөн. Ал жерде демократтар Байден бюллетенге жазылбаса да аны колдогон добушун беришкен. Республикачылардын праймеризин аталган штатта мурдагы президент Дональд Трамп жеңген. Ал келерки шайлоодо азыркы президентке негизги атаандаш болуп калышы ыктымал.

АКШ президентин шайлоо өнөктүгү 5-ноябрда жалпы улуттук добуш берүү менен жыйынтыкталат. Жеңип чыкканы 2025-жылдын 20-январында ант берет. (RK)

Дагы караңыз

Ак үй Украина менен Израилге жардам маселесин бөлүп кароого каршы болдуГазадагы кармаш улануудаЭне тилге үйрөтүү – ата-эненин жана жарандык коомдун ыйык парызыМуслима: 13 жыл чогуу жашаган күйөөм үстүмө аял алып алды