Ак үй Украина менен Израилге жардам маселесин бөлүп кароого каршы болду

Майк Жонсон.

АКШ администрациясы Украинага жана Израилге чогуу жардам тууралуу сунушун өз-өзүнчө бөлүп кароого каршы экенин билдирди.

3-февралда Кошмо Штаттардын Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон келерки аптада Израилге 17,6 миллиард доллар бөлүү тууралуу мыйзам долбоору добушка коюларын айткан.

Октябрда АКШ президенти Жо Байден Конгресске кайрылып, Украинага жана Израилге жардам маселесин чогуу карап, жалпысынан 106 миллиард доллар бөлүүнү сунуш кылган. Ак үйдүн бул сунушу азырынча жоопсуз турат.

Жонсон Израилге жардам чукул арада керек болуп жатканын белгилеп, эки өлкөнү чогуу караганга азыр убакыт жоктугун айтты.

Көпчүлүгүн республикачылар түзгөн Өкүлдөр палатасы Украинаны каржылоону АКШ менен Мексиканын чек арасындагы коопсуздукту бекемдөө менен чогуу кароону талап кылып келишет. Алар сунуштаган катаал чараларга көпчүлүк демократтар каршы болууда.

Спикер Жонсон Мексика менен чек арадагы кырдаалды дагы эле башкы артыкчылык деп эсептей турганын, Конгресстеги республикачылар Украинага жардам зарылдыгын түшүнүп турушканын, бирок “чек арадагы кво макамы жол берилгис көрүнүш” экенин белгилеген. Биринчи кезекте мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу үчүн чек арада көзөмөлдү күчөтүү зарылчылыгы тууралуу сөз болууда. Айрым республикачылар чек арадагы дубалды каржылоо жана депортацияны күчөтүү керектигин белгилеп жатышат. (RK)

Дагы караңыз

Газадагы кармаш улануудаЭне тилге үйрөтүү – ата-эненин жана жарандык коомдун ыйык парызыМуслима: 13 жыл чогуу жашаган күйөөм үстүмө аял алып алды Ошто медицина кызматкерлерин урду деп шек саналган жаран кармалды