АКШ Йеменде хусилердин дагы бир ракетасын жок кылганын билдирди

АКШ 4-февралга караган түнү Йеменде хусилердин дагы бир объектисин бутага алып, Кызыл деңиздеги кеме кыймылына коркунуч жараткан канаттуу ракетаны жок кылганын билдирди.

Кошмо Штаттардын Башкы командачылыгынын бул билдирүүсү АКШ жана Улуу Британия Йеменде хусилердин отуздан ашуун объектисин талкалаганы тууралуу расмий маалымат чыккандан бир нече саат өткөндөн кийин жарыяланды.

Жок кылынган канаттуу ракета кайсы жерде жайгашканы так айтылган жок, бирок АКШ соккуну коргонуу максатында урганын маалымдады.

Кызыл деңиз аркылуу өтүп жаткан коммерциялык кемелерге ондогон ракета менен чабуул койгон хуси согушкерлеринин өкүлү эки өлкөнүн биргелешкен чабуулу жоопсуз калбай турганын айткан.

АКШ 3-февралда Йемендин 13 аймагында жайгашкан 36 объектиге учактар учуучу жана конуучу USS Dwight D. Eisenhower аскердик кемесинен учурулган америкалык F/A-18 учактары менен жана Кызыл деңиздеги аскердик кемелерден учурулган Tomahawk ракеталары менен сокку урулганын кабарлаган.

АКШ жана анын союздаштары 2-февралда Сириянын жана Ирактын да аймагына чабуул жасашкан.

Кошмо Штаттар Иранга байланышы бар гана объектилер бутага алынып жатканын айтууда.

Ал эми Иран (анын «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу» жалпы Жакынкы Чыгыштагы козголоңчулар менен тыгыз байланышы бар экени айтылып келет) Кошмо Штаттарды бул аймактагы коопсуздукка бүлүк салып жатат деп айыптоодо.

28-январда Иорданияда америкалык базага жасалган дрон чабуулунан Кошмо Штаттардын үч аскери набыт болгон. Вашингтон бул үчүн Тегеранды жана анын Сирия менен Ирактагы союздаштарын айыптаган.

Жакынкы Чыгыштагы бардык өлкөлөр азыркы тапта АКШнын союздашы Израилдин Газа секторундагы аскердик операциясын айыптап, токтотууну талап кылып жатышат. Израил былтыркы октябрь айындагы 120одөй жаранынын өмүрүн кыйган кол салуудан кийин Газада ХАМАС тобуна (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) каршы согушуп жатканын атууда. (RK)

Дагы караңыз

Лисичанск шаарындагы чабуул 30дай кишинин өмүрүн алды Бишкек: Жылуулук борборун оңдоого миңдей адис тартылдыCAFA чемпионаты: Кыргызстан курамасы Түркмөнстанды жеңдиИнсульт менен инфаркттан корксоң тузду азайт