Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:50

CAFA чемпионаты: Кыргызстан курамасы Түркмөнстанды жеңди


Кыргыз футбол бирлиги тараткан сүрөт.
Кыргыз футбол бирлиги тараткан сүрөт.

Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) аялдар арасындагы чемпионатында Кыргызстандын курамасы Түркмөнстанды жеңди. Беттеш 4-февралда Дүйшөмбү шаарында болду.

CAFA Women's Futsal Championship 2024 мелдеши тажик баш калаасында ушул күнү башталды. Биринчи турдагы оюнда кыргызстандык кыз-келиндер түркмөнстандык атаандаштарын 3:1ге утканын Кыргыз футбол бирлиги кабарлады.

Кыргызстандын курамасы турнирдеги кезектеги беттешин 5-февралда Тажикстандын командасы менен өткөрөт.

Жобого ылайык, жеңүүчү команда эң упай менен аныкталат.

Борбор Азия футбол ассоциациясы (CAFA) Азия футбол конфедерациясына (АФК) карайт. 2014-жылдын 10-июнунда негизделип, 2015-жылдын 9-январында расмий түрдө иштей баштаган. Ал Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Ооганстан, Иран футбол федерацияларын бириктирет. 2015-жылдын ортосуна чейин уюм Борбор Азия футбол федерациясы деп аталган. (SE)

XS
SM
MD
LG