Түркмөнстан Кыргызстанга жардам иретинде суюлтулган газ жөнөттү

Жылуулук борборун калыбына келтирүү үчүн 1000 чамалуу адис иштеп жатат.

Түркмөнстан Бишкектеги Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) жарылуудан кийин Кыргызстанга эки миң тонна суюлтулган газ жөнөттү. "Алтын асыр" улуттук басылмасынын сайтындагы маалыматта бул энергетика тармагындагы чукул кырдаалга байланыштуу гуманитардык жардам экени белгиленген. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Сердар Бердимухаммедов 2-февралда кол койгон.

Ишемби күнү Өзбекстан да Кыргызстанга жардам иретинде суюлтулган газ баллондорун жөнөткөн.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде авария болуп, беш киши жабыркаган. Абалы оор эки жумушчу дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлдү.

Жылуулук борборун толук калыбына келтирүү үчүн миң чамалуу адис иштеп жатат. 4-февралда 15 отказандын сегизи ишке киргенин, турак жайлардын көбүнө жылуулук жана ысык суу берилип жатканын өкмөттүн Медиа штабы кабарлады.

Кыргызстандагы эң ири бул жылуулук борбору 1960-жылдары курулган. Ал шаардагы имараттардын 60 пайызга жакынын тейлейт.

2018-жылы 26-январда дагы катуу суукта ЖЭБде чоң авария болуп, Бишкектин тургундары бир нече күн бою жылуулуксуз калган. Ишкананы оңдош үчүн ага чейинки бийликтин тушунда, 2017-жылы Кытайдын “Эксимбанкынан” алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу кымырылып кеткени ачыкка чыккан. Кылмыш иши козголуп, бир канча аткаминер камакка алынып, жоопко тартылган. (SE)

Дагы караңыз

Лисичанск шаарындагы чабуул 30дай кишинин өмүрүн алды CAFA чемпионаты: Кыргызстан курамасы Түркмөнстанды жеңдиИнсульт менен инфаркттан корксоң тузду азайт