Окуучулардын тамагына күнүнө 14 сомдон бөлүү тууралуу токтом чыкты

Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Мектептердин кенже класстарындагы ар бир окуучунун тамагына күнүнө 14 сомдон бөлүү тууралуу токтом чыкты. Министлер кабинетинин төрагасы документке кол койгонун 3-февралда Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Башталгыч класста окуган балдардын бир маал тамагын мектепте уюштурууга мамлекеттен буга чейин күнүнө 7 сом бөлүнүп келген. Аны 14 сомго көтөрүү маселеси декабрда парламентте талкууланган. Бул каражат аз экенин бир катар депутаттар сындап, 20 сомго чыгарууну сунушташкан. Экономика министринин орун басары Жибек Дүйшеева 2025-жылы 19 сомго көтөрүү пландалып жатканын билдирген.

“Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептерде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө” жобо 2006-жылы кабыл алынган. Бул багытта өкмөткө эл аралык уюмдар да жардамдашат. Окуучуларга шашкеде негизинен ысык чай менен токоч, айрым мектептерде тамак берилет.

2022-жылдын февралындагы расмий маалыматта кенже класстардын тамагына бөлүнгөн бир жылдык каражат 1,6 миллиард сом экени айтылган. (SE)

"Азаттыктын" подкасттарын угуңуз

“Жер Эне”: Кокту-колот очок менен таштандыга толду"Баланын тили орусча чыкса кубанба". Эне тилдүү эркин муунду кантип түптөйбүз?Эркектердин саламаттыгы: Тестостерон эмнеге маанилүү? "Кодулоо көп, колдоо аз". ВИЧ тууралуу түшүнүк тайкыбы?"Айласыздан жашап жатабыз". Бишкектиктер ыштан кантип коргонот?"Жер Эне": Төрт түлүк мал табиятты талкалайбы?