Бул кыргыз сегментинде жалаң орусча сүйлөп жүргөндөр келечекте ошол жигитке окшоп ой жүгүртүп калбайбы деген талкууга жол ачты. "Балам жалаң орусча сүйлөйт" деп мактангандар азыртадан ойлонушу керекпи? Учурда кыргызстандык балдардын тили башка тилде, өзгөчө орус тилинде чыгып жатканына эмне себеп?
“Эркиндик үнү” подкастында жогорудагы суроолорго жооп издедик. Талкууга билим берүү багытындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров, Вашингтондон социолог-изилдөөчү, "Санаалаш" подкастынын автору Айсалкын Ботоева жана Канаданын Монреаль шаарынан каржы адиси, балдарга арналган блогдорду алып барып, китеп чыгарып жүргөн жазуучу Айсулуу Алмаз катышты.
“Кыргызча контенттин жоктугу шылтоо эмес”
"Азаттык": Айсулуу, кепти сизден баштасак, Канадада турганыңызга бир топ жыл болуп калды. Балаңыз менен кайсы тилде сүйлөшөсүз? Кыргыз тилин билеби?
Айсулуу Алмаз: Канадада жашаганыбызга алты жарым жыл болуп калды. Уулубуз эки жарым жашта. Чет өлкөдө жашаган бардык ата-энелердей эле балабыздын тили башка тилде чыгабы деп кооптондук. Анткени француз, англис тилдүү бакчага барат. Ошол тилдер анын эне тили болуп, кыргызчаны билбей калабы деп аябай санааркаганбыз. Ошондуктан биз бакчанын жетекчиси менен кеңешип, балабыз кыргызча билиш үчүн кандай аракеттерди көрүшүбүз керек десек, "мүмкүн болушунча өз эне тилиңерде сүйлөгүлө" деп кеңеш берди. Ошондон бери үйдө жалаң кыргызча сүйлөгөнгө аракет кылабыз. Башка тилдерди аралаштырбайбыз. Баламдын тили азыр үч тилде чыгып жатат. Кыргызча, французча анан англисче.
"Азаттык": Учурда чет жакта өсмөк тургай, Кыргызстанда төрөлүп, чоңоюп жаткан балдардын тили өзгөчө орус тилинде чыгууда, ата-энелердин көбү буга кыргыз тилиндеги мультфильм жана башка контенттин аздыгы себеп экенин айтышууда, чындыгында ошондойбу? Сиз буга кошуласызбы?
Айсулуу Алмаз: Бул пикирге кошулам. Азыр балдар үчүн кыргызча китептерди чыгарып жатпайбызбы. Ата-энелер балдар үчүн жасалган контенттен дагы ата-энелер өзү негизги контент экенин түшүнүшү керек деген бүтүмгө келдик. Себеби, канчалык деңгээлде маңдайына кыргызча мультфильмди коюп, китептерди окуп берсең дагы балаң менен кыргызча сүйлөшпөсөң эне тилин өнүктүрүү мүмкүн эмес. Ошондуктан албетте контент жана китеп деген нерселер экинчи орунда, биринчи кезекте ата-эне турат.
"Азаттык": Айсалкын, сиз дагы кыздарыңызга кыргыз тилин үйрөтүү аракетин көрүп, Кыргызстанга барып, бир нече ай жашап келдиңиз. Кандайдыр бир натыйжа барбы?
Айсалкын Ботоева: Эки кызым бар. Улуусу 12де, кичүүсү төрткө чыгат. Улуусу тилекке каршы кыргызча анча жакшы сүйлөбөй калды. Кичүүсү кыргызча, орусча, англисче тилди бирдей алып кетсе дегенбиз. Бирок эми баарыбыз жашаган коомубуздун жемиши экенбиз да. Америкада жашагандыктан, кызымдын кыргызчасы калып кетти. Ошондон улам бул жылы сиз айткандай, кыздарым менен Кыргызстанга барып жарым жылдай жашадым. Кыздарым маданиятты көрүшсүн, баарлашпаса дагы эне тилин угушсун деп жүрдүк. Алты ай бир аз болсо жардам берди деп ойлойм. Албетте, кыргыз тилинде сүйлөсөң эң сонун. Бирок бул жерде үй-бүлө менен баарлашуу, маданиятты көрүү, ошону сиңирип алуу, ошонун баары роль ойнойт деген пикирдемин. Ошондуктан менин кыздарыма таасирин тийгизди деп айта алам. Айсулуунун айткан сөздөрүнө кошулам, бул жерде кыргызча гана контентти көрсөтүп коюу жетиштүү эмес. Азыр балдарды чоңойтуп жаткан муундун өкүлдөрү көбүбүз орус мектептерге бардык. Советтик доордун аягын көрүп калдык. Бизди тарбиялаган ата-энелерибиз дагы өз заманынын жемиши. Алардын убагында Борбор Азиядагы элдердин тили басмыраланган эле. Басымдуубуз орусча кинолорду көрүп, китептерди окуп чоңойдук. Бул жерде балдардын контентинин жетиштүүлүгү эле эмес, өзүбүз кайсы тилде ойлонобуз, сүйлөйбүз, коомдо кайсы тил барктуураак болуп эсептелери маанилүү.
"Азаттык": Жакында эле сиздин ымыркайлар үчүн "Кара, балам" деген китебиңиз жарык көрдү. Эне тилин ымыркай кезинен үйрөтүү канчалык маанилүү?
Айсалкын Ботоева: Ооба, жакында наристелерге арналган "Кара, балам" аттуу китепти чыгардык. Бул китепти санаалашым, досум казакстандык Эрден Зикибай деген жигит менен бирге жараттык. Буга эмне түрткү болду? Айтып өткөндөй эле өзүм 15 жылдан бери АКШда жашайм. Кызым төрөлгөн 12 жылдан бери бул жактагы китепканаларга барып жүрүп, кичине балдарга арналган адабиятты окуп жатып ошол багытта эксперт деле болуп кеттим окшойт. Эксперттердин эсебинде, жаңы төрөлгөндөн баштап эне тилинде китеп окуп берсе, балага ошончолук сиңип, мээсинде да, эсинде да кала берет.
"Азаттык": Бул жагынан Айсулуу экөөңүздөр окшошуп кетет экенсиңер, чет жакта жашасаңар да, кесибиңер башка болсо да кыргыз тилдүү китептерди балдар үчүн чыгарып, кыргызча контенттин көбөйүшүнө салым кошуп жатасыздар. Кеңешбек мырза, Кыргызстанда айрым ата-энелер балдарыбыздин тили орусча чыкты, кыргызча түшүнбөйт деп сыймыктанган көрүнүштөр бар. Бул кооптуу көрүнүшпү?
Кеңешбек Сайназаров: Албетте, кооптуу. Мен өзүмдүн перспективамдан айта турган болсом, алты балам, эки неберем бар. Алты бала алты түрдүү реалдуулукта тарбияланды. Улуу кыздарым чоң ата, чоң эне колунда чоңойду. Алардын тили кыргызча чыкты. Кийинки балдарым Бишкекте төрөлүп, орус тилдүү бала бакчага, мектепке барып, апалары орусча сүйлөгөндүктөн орусча баарлашат. Кыргыз тилдүү чөйрө түзүп бергенге биринчи кезекте ата-эне өзү кызыкдар болушу керек. Учурда деколонизация, тилдин тазалыгы, иденттүүлүк жөнүндө көп айтылып жатпайбы. Ошонун баары биздин аң-сезимибизге тил аркылүү кирерин унутпайлы.
“Баламдын тили башка тилде чыкты деп сыймыктануу - түркөйлүк”
"Азаттык": Айсулуу, көз карандысыз Кыргызстанда "балам эне тилин билбейт" деп сыймыктануу канчалык туура деп ойлойсуз?
Айсулуу Алмаз: Бул дагы деле колониалдык түшүнүктө жашаганыбыздан кабар берет. Мен жалаң кыргыз тилинде блог алып барганыма көп болду. Мага да бир катар ата-энелер жазышат. Жеке пикиримде, буга Бишкекте жалаң гана кыргыз тилин билүү менен карьера жасап, өнүгө албашы негизги себеп болууда. Ошондуктан мага аймактардан "Баламды орус мектепке берсем кандай деп ойлойсуз, Бишкекке барып кор болуп калышын каалабайм" деген ата-энелер көп жазышат.
Маселен, мен кыргыз мектепке баргам, университеттен англис тилин окугам. Ошол себептен орус тилин жакшы билбейм. Мындан улам Бишкекте каржы тармагында иштеп баштаганда аябай кыйналгам. Ошол эле документтерди орусча туура толтура алчу эмесмин. Анын үстүнө бизде кыргыздар кыргызча билип турса да орусча сүйлөшөт эмеспи. Өз өлкөмдө кыргызча сүйлөп жашай албасам, демек башка жерде жашасам деле болот деп он жыл мурда көчүп кетүүмдүн негизги себеби ошол болгон. Баламдын тили кыргызча эмес, башка тилде чыкты деп сыймыктангандар бул кадимки тиричилик, жан багуу десек да болот. Биздин экономика Бишкекте болуп жатпайбы. Ошол Бишкекте ар бир адамды эне тили менен кабыл алган кезде бул түшүнүктөн арылсак керек. Аймактарда бул чоң көйгөй. Менин туугандарым деле баласынын тили орусча чыкканы менен сыймыктанат.
"Азаттык": Айсалкын, эне тилден уялуунун, жерүүнүн узак мөөнөттүү келечекте кандай терс таасири болушу мүмкүн?
Айсалкын Ботоева: Мен эне тилин билбегендер кыргыз эмес деп айткандан алысмын. Анткени айтып кеткендей, этникалык иденттүүлүк башка жолдор менен деле түзүлсө болот. Бирок, ар бир маданиятта эне тил бул - маданий мурастын ажырагыс бөлүгү. Эне тилин билбей, өз улутунун тарыхын, үрп-адаттарын, маданий баалуулуктарын түшүнүп, өздөштөрүү кыйын. Кээде менин дос-тааныштарым "Манасты" түшүнгүлөрү келерин айтышат, бирок тилди жакшы билбегендиктен ошол каалгага ачкычы жок болуп калат.
Мен ошондой эле тилдин эмоционалдык жактан иденттүлүүкө байланышын баса белгилей кетет элем. Өзүмдү мисал кылып кетсем, мектепте билимди жалаң кыргызча алгам. Бишкекте чоңойдум. Ошол эле маалда айылга көп барчубуз. Андан сырткары ата-энем менен театрга, филармонияга барып, кыргызча концерттерди калтырчу эмеспиз. Телевизордон манасчыларды угуп, "Мыскыл жана тамаша" көрүп, ошонун баарын сиңирип чоңойгом да. Ошондуктан менин тажрыйбамда кыргыз тили жүрөгүмө эң жакын сезимдер, эскерүүлөр менен байланышкан. Эгер мен эне тилде сүйлөбөсөм менин сезимдеримдин палитрасы жакыр болуп калмак беле дейм да.
"Азаттык": Жакында эле орус армиясынын катарында согушкан кыргыз жигиттин “Ооба, кыргызмын, бирок өзүмдү орусиялык сезем" деген сөзү талкууга алынды. Жалаң орусча сүйлөп жүргөн балдар келечекте ошондой болуп калбайбы? Кеңешбек мырза, пикириңиз кандай?
Кеңешбек Сайназаров: Эми муну маңкуртчулуктун призмасы менен карап көрсөк деле туура болот деп ойлойм. Менин балдарым айрыкча Бишкектеги орус бала бакчага баргандар сөзсүз түрдө бир жолу "мен орусмун" деп келчү. Анан ошол жерден түшүндүрүп, сүйлөшөт элек. "Балам кыргызча сүйлөй албайт, ошондуктан баарыбыз орусчага ыктайлы" дегенден абайлаш керек. Жумушума байланыштуу көп жерлерди кыдырдым. Мени өзгөчө Орусиядагы мигранттардын балдары тынчсыздандырат. Алардын Кыргызстан тууралуу, кыргыз тили тууралуу түк ойлору жок. Өздөрүн дагы ошол өлкөнүн жараны катары көрөт. Бул деген бизди өтө ойлонтуп, ойгото турган көрүнүш.
“Тилин сүйгөн, өзүн сүйгөн адамгерчиликтүү балдарды тарбиялоо зарыл”
"Азаттык": Айсулуу айым, иденттүүлүктү жоготпош үчүн, жогоруда айтып өткөндөй өз улутуңду чанганга жеткирбеш үчүн эмне кылуу керек?
Айсулуу Алмаз: Акыркы төрт-беш жылдан бери блог жүргүзүп жатып, бул багытта көйгөйлөр бир катмарын сыйрысаң, экинчиси чыга берерин байкадым. Жолдошум экөөбүз "Балаком" деген баракча ачып, ушул жааттагы темаларды чыгара баштаганыбыздын дагы негизги себеби ушул. Азыр биздин жасап жаткан жумушубуз 30 жылдан кийинки Кыргызстан үчүн. Биз аң-сезимдүү ата-эне деген түшүнүктү жаратып, алар балдарын түйүлдүк кезинен тарбиялай башташы керектигин сиңиришибиз керек.
Улутун сүйгөн, өзүн сүйгөн, тилин сүйгөн, ошол эле учурда адамгерчиликтүү балдарды тарбиялап, өстүрүү керек. Азыр биз курактуу ата-энелер ойгонуп, улуттук баалуулуктарды жайылтып, ириде өз балдарыбыздан баштаганыбыз сөзсүз жемиштүү болот. Балким ишибиз алдыңкы 5-10 жылда мөмө бербеши мүмкүн. Бирок 20-30 жылда сөзсүз берет деген ишеничтемин.
"Азаттык": Талкууга катышып бергениңерге ыраазычылык!
Талкуунун аудиосун бул жерден угуңуз