Сот экс-депутат Эмил Жамгырчиевди үй камагына чыгарды

Эмил Жамгырчиев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиев үй камагына чыкты. Адвокаты Кайсын Абакиров Фейсбукка жазгандай, Жамгырчиевдин бөгөт чарасы 2-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралган.

Сот Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчүн канааттандырган. Бул маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы да ырастады.

2-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Жамгырчиевдин арызынын негизинде аны депутаттык мандатынан ажыраткан.

24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жамгырчиевдин бөгөт чарасын карап, аны 26-февралга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алган.

Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев депутат Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга парламенттен уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон эле.

10-январда парламент Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.

Дагы караңыз

Казакстан: Активист 8-мартта жүрүш өткөрүүгө уруксат берүүнү талап кылып чыктыТүндүк Корея дагы бир канаттуу ракета учурганы кабарланды Румын армиясынын жетекчиси Орусиянын ыктымал коркунучуна даяр турууну эскерттиФранция Украинада Орусиянын чабуулунан каза болгон ыктыярчылар тууралуу үн катты