3-февралдын аба ырайы: жолдор тайгалак болот

Бишкек шаары.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 3-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 1…6;

Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…5;

Баткен,Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8 градус, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4 градус;

Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, ал эми күндүз -4...-9;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -28...-33, күндүз -7...-12° градус суук.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз 3…5 градус суук болот.

Дагы караңыз

Абакиров менен Мамашова ЖК депутатынын мандатын алды Былтыр чет өлкөдөн 585 кыргыз жаранынын сөөгү алып келиндиБаткенде аткезчилик менен жер семирткич алып келгендер кармалдыБоршайком депутат Эмил Жамгырчиевди мандатынан ажыратты