Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Баткенде аткезчилик менен жер семирткич алып келгендер кармалды


Баткен облустук милициясы тараткан сүрөт.
Баткен облустук милициясы тараткан сүрөт.

Баткен райондук ички иштер бөлүмү Баткен шаарында Өзбекстандан аткезчилик жолу менен алынып келинген жер семирткичтер аныкталып, алынганын билдиришти. Жалпысынан 518 мүшөктөгү 26 тонна жер семирткич Баткен шаарынын 43 жаштагы тургуну К.Ага таандык экени аныкталды.

Кылмыш жаза кодексинин 231-беренесинин (Экономикалык контрабанда) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери уланууда.

Өткөн жумада Өзбекстан менен чек арада 11 700 000 (он бир миллион жети жүз миң) рубль жана 110 000 (бир жүз он миң) АКШ доллар акча каражаттары аткезчилик менен мыйзамсыз чек арадан алып өткөн жаран кармалган. (JsA)

XS
SM
MD
LG