Былтыр чет өлкөдөн 585 кыргыз жаранынын сөөгү алып келинди

Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылы чет өлкөдөн мекенине 585 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарабев 2-февралда Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында айтты. Ал ар бир маркумду мекенине алып келүүгө мамлекеттен 70 миң сом бөлүнөрүн, муну көбөйтүү максатында токтомго өзгөртүү киргизилип жатканын кошумчалады.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги "Жүк-200дүн" көбү Орусиядан алып келинсе, калгандары Түштүк Кореядан, Түркиядан, Казакстандан жеткирилгендер экенин айткан. Бул үчүн мамлекеттен 57 млн 610 миң сом бөлүнгөн.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, 2022-жылы чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын, 2021-жылы 540 адамдын сөөгү “Жүк-200” болуп алынып келген.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын 800 миң жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. Бейрасмий маалыматтарда чет жактагы мигранттар 1 миллиондон ашат. Алардын көбү Орусияда. (КЕ)

Дагы караңыз

ЖЭБдеги авария: Бишкектеги 9 кичи районго жылуулук берүү токтотулдуТИМ: Орусияда соттолгон 70тен ашуун кыргызстандык мекенине которулдуБШК Эмил Жамгырчиевдин мандатын алуу маселесин карайтБишкектеги ооруканаларда пландык операциялар убактылуу токтотулганы айтылды