Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

ТИМ: Орусияда соттолгон 70тен ашуун кыргызстандык мекенине которулду


Тышкы иштер министрли.
Тышкы иштер министрли.

Орусиянын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргызстандыктардын 73ү 2023-жылы мекенине которулду. Дагы 40тайы которулуу алдында турат. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун 2-февралдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн мыйзамдарындагы дал келбестиктерден улам которуу иштеринде кыйынчылыктар жаралууда. 450дөн ашуун жаран Кыргызстанга которулуудан баш тарткан.

"Бул соттолгон адамдардын жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жайда жумуш менен камсыз болуусу жана жакындарынын Орусиянын аймагында экени менен байланыштуу", - деди Имангазиев.

ТИМдин маалыматына караганда, Кыргызстандын 1500гө жакын жараны чет өлкөлөрдө жаза мөөнөтун өтөп жатат. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда (1167).

Буга чейин Башкы прокуратура Кытайда, Бириккен Араб Эмиратында, Беларуста, Литвада, Италияда, Германияда жана Грузияда да ар кандай кылмыш жоопкерчилигине тартылган кыргыз жарандары абактарда жатканын билдирген.

Орусияда абакка кесилгендердин көбү баңгизат ишине байланыштуу айыпталгандар. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Орусияда мыйзамсыз маңзат ташуу боюнча 2020-жылы 191, 2021-жылы 324, 2022-жылы 614 кыргыз жараны абакка кесилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG