Депутат Орусияда аялдарды дагы согушка үгүттөп жатканын билдирди

Орусиянын аскердик билети бар келин. (Иллюстрациялык сүрөт)

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Орусияда эркектерди гана эмес, аялдарды дагы согушка үгүттөп жатканын билдирди. Бул тууралуу эл өкүлү 2-февралда Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун миграция маселелерин талкуулаган жыйынында айтты.

"Ал жактагы биздин жарандарга эң коркунучтуусу Украинадагы согуш болуп калды. Азыркы күндө сизге деле маалым болсо керек, эркек кишилерди эле эмес, аял кишилерди дагы үгүттөп жатышат. Ошол боюнча биздин консулдар кандай иш алып барууда?", - деди Омонов.

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев бул маселе министрликтин жана Орусиядагы элчиликтин көзөмөлүндө экенин билдирди. Анын айтымында, буга чейин бул багытта Орусиянын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, Кыргызстандын жарандарына үгүт иштерин жүргүзбөөгө чакырган.

"Өзгөчө абактагы жарандар боюнча дагы ушул маселени көтөргөнбүз. Бул жерде айрым жарандар өз эрки менен жаңжалга катышууга кетип жатат. Эгер алар башка өлкөлөрдө ушундай жаңжалдарга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартылат", - деди министрдин орун басары.

Буга чейин Орусиянын аймагында иштеп, жашап жүргөн айрым кыз-келиндер аларга дагы согушка чакыруу келгенин, иштеген жеринде Украинага барууга үгүттөгөн учурлар болгону тууралуу "Азаттыкка" айтып беришкен.

Орусиянын абактарында жаза өтөп жаткандардын көбү Украинадагы согушка "Вагнер" аркылуу барган. Алардын ичинен кыргызстандык жарандар да согушка азгырылып, айрымдары урушта көз жумганы кабарланган. "Азаттык" "Вагнердин" катарында Украинадагы согушка барып көз жумган кеминде ондон ашуун кыргызстандыкты тактаган.

Былтыр 7-декабрда Нарын облустук соту “Вагнер” жеке менчик компаниясы менен Украинадагы согушка катышкан деп айыпталган Бекназар Бөрүгул уулун беш жылга абакка кескен. Нарын шаардык соту да андан мурда ушундай эле өкүм чыгарган.

Бекназар Бөрүгул уулунун жакындары ал аргасыздан “Вагнер” тобуна кошулганын айтып, кыргыз бийлигинен ырайым сурашкан.

ТИМдин маалыматы боюнча орус абактарында 1100дөн ашуун кыргызстандык жаза мөөнөтүн өтөп жатат. (КЕ)

Дагы караңыз

ЖЭБдеги авария: Бишкектеги 9 кичи районго жылуулук берүү токтотулдуТИМ: Орусияда соттолгон 70тен ашуун кыргызстандык мекенине которулдуБШК Эмил Жамгырчиевдин мандатын алуу маселесин карайтБишкектеги ооруканаларда пландык операциялар убактылуу токтотулганы айтылды