"Өзүн метродон кармап, кызын мектептен алып келишиптир"
Каныкей Аранова Москвадан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин анын жакындарына өзүн атайын кызматтын өкүлүмүн деп тааныштырган адам маалымдаган. Бир тууганы Ырысгүл Аранова "Азаттыкка" сиңдисин УКМКнын кызматкерлери 1-февралда таңга жуук алып келишкенин, аны менен чогуу 11 жаштагы кызы да келгенин билдирди.
"Мага 31-январда кечки саат 6-7 аралыгында УКМКнын кызматкеримин деген бирөө чалып, сиңдим Каныкей Аранова Москвада кармалганын, ал 1-февралда таңга жуук Бишкекке учуп келерин, жанында кичинекей кызы да бар экенин, кызын алып кетишим керек экенин айтты. Мен Бишкекте жакын туугандарыбыз жоктугун айтсам, кызды Ошко самолетко салып жиберишти".
Ырысгүл Аранованын айтуусунда, сиңдиси Каныкей Аранова 10 жаштагы кызы менен Москвада жашап, иштечү. Кызы ошол жакта мектепте окуйт.
"Сиңдимди 30-январда Москвада метродо бараткан жеринен кармашыптыр. Кызы ошол күнү жалгыз калыптыр, эртеси мектепке барса, ал жакка полиция барып, аны да алып кетиптир. 1-февралда таңкы саат 4:30дар чамасында Бишкекке алып келишиптир. Кызын 1-февралда түштөн кийин Ош аэропортунан тосуп алдым. Мени УКМК кызматкерлери коштоп жүрүшүп, аэропорттун VIP залына жалгыз отургузуп, ошол жерге сиңдимдин кызын алып келип беришти. Мен жалпы залдан эле тосуп алайын десем, макул болушпады".
Ырысгүл Аранова азырынча Коопсуздук кызматы сиңдисин кандай жүйө менен кармаганы түшүнүксүз болуп жатканын кошумчалады. Анын айтуусунда, адвокат жалдаша элек.
УКМК Каныкей Аранова боюнча эч кандай комментарий бере элек.
"Кемпир-Абад ишин" Ички иштер министрлиги карап, сотко өткөргөн. ИИМдин басма сөз кызматы Каныкей Аранованын кармалышына тиешеси жоктугун "Азаттыкка" маалымдады.
Дагы караңыз
Абактагы Бекназаров Кемпир-Абад иши боюнча сотту курултайда талкуулоону сунуш кылдыЭл аралык эки уюм Кыргызстанда жарандык эркиндикке коркунуч көбөйгөнүн белгилейтФейк аккаунтпу?
Каныкей Аранова - Өзгөн районунун тургуну. 2022-жылы күзүндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы нааразылык акцияларга катышкан. Натыйжада бир нече адам менен кошо административдик жазага тартылып, 2022-жылы октябрда Өзгөн райондук сотунун чечимине ылайык, Укук бузуулар кодексинин “Майда ээнбаштык” беренеси менен 30 саатка коомдук иштерге тартылган. Ага “Куршаб айылында көчөдөгү жарандарды жана кызматтык милдетин аткарып жаткан бийлик өкүлдөрүн шылдыңдап, жеке аброюна шек келтирген” деген айып тагылган.
Аранованын ошол кездеги адвокаты Төлөгөн Келдибаевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Каныкей жарым ай мурун Фейсбукта анын атынан фейк аккаунт ачылып, ал баракчадан Кыргызстандын азыркы бийлигин шылдыңдаган жорумдарды жазып жатышканын билдирген.
"Мага Каныкей мурдагы адвокаты катары 15 күн чакты мурун кайрылып, "менин сүрөтүм менен Фейсбукта фейк аккаунт ачып алышып, менин атымдан бийликти шыбап, шылдыңдаган жорумдарды жазып, түрдүү видеолорду чыгарып жатышат" деп айтып, кеңеш сураган. Анын сөзүнө караганда, фейк аккаунттагы аты-жөнү латын тамгалары менен жазылыптыр, өзүнүн баракчасы кириллица тамгалары менен ачылган экен. Мен ага "бул тууралуу УКМКга жазып, маалымда" деп кеңеш бергем. Мен да анын кармалганын жакындарынан бүгүн уктум", - деди Төлөгөн Келдибаев.
Каныкей Аранованын атынан белгисиз бирөөлөр жазып жүргөн болушу ыктымал деген жоромолго журналист Баяна Кулова кошулбайт. Ал Аранова Фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз видео эфир чыгарып келгенин айтты:
"Эгер фейк аккаунт болсо, Каныкейдин трайбалисттик, бийликти шыбаган видеолору кайдан чыгат эле? Ушинтип видеого чыгып алышып, кайра "фейк" деп тангандары - жоопкерчиликтен качкандык".
Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 12 киши тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган.
“Азаттык” 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарга пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголуп же жазага тартылган 30га чукул жарандын тизмесин аныктады.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.