Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 1-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Таластын көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда кар жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан
соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5;
Таласта түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;
Баткен,Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6 градус, күндүз 1…6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…+1 градус;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, ал эми күндүз -7...-12;.
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -25...-30, күндүз -8...-13° градус суук.
Бишкек шаарында тункүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз кар жаашы ыктымал. Түнкүсүн жана күндүз туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз -1…-3 градус суук болот.
Дагы караңыз
"Азаттыктын" казак кызматы кабарчыларды каттоо маселеси боюнча сотко кайрылдыКыйноолорду алдын алуу борбору абактагы журналисттерден кабар алдыАКШнын үч аскеринин өлүмүнө шектелип жаткан топ чабуулдарын токтоторун билдирдиСтатком: миграцияга кеткендердин көбү Баткен, Жалал-Абад, Таласка туура келет