Соңку жылдары кризистик доорду башынан өткөрүп жаткан кыргыз адабиятына мындай демилгелер канчалык дем берет?
"Бир ырым үчүн 5600 сом алдым"
25 жаштагы алайкуулук жаш акын Баяман Нурбек жазган ыры үчүн алгачкы ирет калем акы алып кубанып турат. Элеттик ышкыбоздун бир ыры жаңы негизделген “Монпарнас” журналынын экинчи санына жарыяланган.
“Журналга үч ыр жибердим эле. Анын ичинен “Бул мен” деген ырым чыгыптыр. Ал үчүн 5600 сом калем акы алдым. Журнал колуна калем алып ыр чиймелеп жүргөн мендей жаштарга чоң түрткү берет экен. "Биздин жазган ырлар деле бааланат турбайбы" деген үмүт пайда болду. Дагы шыктанып, жаңы чыгарма жараткың келет экен. Журналдын ушунусу жакты. Маселен, азыр көр тириликтин айынан ыр жазбай жүргөн далай таланттар бар. Алар үчүн да мыкты мүмкүнчүлүк болуп отурат”, - дейт жаш акын.
"Максатыбыз - эне тилди өнүктүрүү"
"Монпарнас" журналы жыл жаңыргандан бери Фейсбукта эле ишин баштаган. Аны негиздеген Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз менен "Айтыш" коомдук фондунун тең төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо социалдык тармактагы баракчасы аркылуу журналдын дарегине эмгектерин жиберген авторлордун сүрөтүн чыгарып, ырларын, аңгемелерин жарыялашат.
Садык Шер-Нияз журнал өз жеңүүчүлөрүн кандайча аныктай турганын жана басылманын максатын айтып берди:
“Бизге келген чыгармаларды карай турган атайын калыстар бар. Бирок алардын аты-жөнү элге айтылбайт. Негизи алардын жашыруун болгону эле жакшы экен. Талаш-тартыш деген болбойт. Журналдын негизги максаты - эне тилибизди өнүктүрүү. Тилди өнүктүрүүдө, кадыр баркын өстүрүүдө калемгер ар убакта авангард болуп келген. Ошондуктан журнал жазуучуларды, акындарды колдоп жатат”.
"Эми атаандаштык жаралат"
Жыл жаңыргандан бери “Монпарнас” журналынын 4 саны жарык көрдү. Бул арада 5 жазуучунун 5 аңгемеси, 7 акындын 8 ыры жарыяланды. Алардын арасында элге төбөсү көрүнгөн жазуучулардан баштап элеттеги адабият ышкыбоздору да бар.
Журналдын төртүнчү санына жазуучулар Айдарбек Сарманбетов менен Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелери чыкты. Эки автор эми бирден аңгемеси үчүн журналдан 20 миң сомдун тегерегинде калем акы алышы мүмкүн.
Басылманын жобосу боюнча аңгеменин ар бир сөзүнө 20 сомдон, котормого жана сын материалдардын ар сөзүнө 5 сомдон, ал эми ырдын ар бир сөзү үчүн 50 сомдон төлөнөт. Бирок шарт боюнча аңгеме, котормо жана сын материалдар 1000 сөздөн, ыр 200 сөздөн ашпашы керек. Эгер ашса, ушул чекке чейинки максималдуу сумма төлөнөт.
Жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын “Монпарнаска” “Кошуналар” аталышындагы сыясы кургай элек аңгемеси кирген.
“Бул калем акыны менин чыгармам үчүн алып жаткан алгачкы акчалай эмгек акым десем болот. Эмгегиң бааланып жатканы чоң стимул да. Албетте, биринчи кезекте окурман баа бериши керек, бирок чыгармачылыкка тагдырын байлаган адамдар үчүн калем акы алуу жагымдуу көрүнүш. Маселен, креативдүү экономика деп жатпайбызбы, а чыгармачыл чөйрөнүн жемиши, мээнети да ушинтип бааланууга тийиш. Айрыкча бүгүнкү базар шартында ушундай колдоо болуп жатканы алкоого арзыйт”.
Шайдуллаева алдыда электрондук журналдын окурмандар чөйрөсүн кеңейтүү керек дейт:
“Илгери журналга жазылуу деген бар эле. Бүгүн социалдык тармактарда ар кандай чыгармачыл топтор ачылып жатат. Эми атайын механизм иштеп чыгып, журналды кеңири окутуу жагын колго алышыбыз керек. “Монпарнас” гонорар берип жаткандан кийин, эми авторлордун арасында атаандаштык да жаралат. Мындан сырткары авторлор өз чыгармачылыгына жоопкерчиликтүү мамиле жасаганды үйрөнөт. Журнал баштапкы койгон максаттары менен сапарын улап кетсе, улуттук адабиятта мыкты чыгармалар жаралат. Биз азыр окурмандардын табитин өстүрүшүбүз керек деп жүрөбүз го, ага да таасирин тийгизет деп ойлойм”.
Авторлорго калем акы “Айтыш” коомдук фондунан төлөнөт. Азырынча каражатты өз чөнтөгүнөн бөлүп жатканын айткан Садык Шер-Нияз алдыда демөөрчүлөр да бул ишти колдошот деген ойдо.
Анын айтымында азырынча “Монпарнас” калемгерлерге жумасына 40 миң сомго чейин калем акы төлөй алат. Авторлордун эмгектери ошого жараша аныкталып, жарыяланып турат. Электрондук негизде жарыяланып жаткан журнал келечекте басмадан да чыгып калышы мүмкүн.
Ал эми журналдын “Монпарнас” аталып калганы тууралуу Шер-Нияз буларды айтты:
“Парнас тоосу адабиятчылардын тоосу эмеспи. Монпарнас деген сөз французча Парнас тоосу деп эле чечмеленет. А Парижде Монпарнас деген белгилүү жер бар го. Анан өзүм дагы Францияда элчи болуп жүргөн учурдан эстелик болуп калсын деген да ой болду окшойт. Журналга эмгеги чыккан калемгерлер да “Монпарнаска чыктым, Парнас тоосуна чыктым” деп айтып калышат да".
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Филология илимдеринин доктору, адабиятчы Садык Алахан журнал алдыда кадамын токтотпой улай берсе деген тилегин айтты:
“Жаңы жыл алдында алыскы Парижден Садык Шер-Нияз иним калем акы төлөп бере турган журнал чыгарарын жар салганда, кыргыз акын-жазуучулары кубануу менен кабыл алды. Азыр “Монпарнаска” эмгектерин жиберген авторлордун курагы тууралуу айта турган болсом, Баяман Нурбек сыяктуу жаштардан баштап, Күмөндөр Усуптегин, Айдарбек Сарманбетов, Абдыкерим Муратов сыяктуу улуу муундун өкүлдөрү, Бешболуш Матисаков, Бакыт Мырзатаева сыяктуу орто муундун өкүлдөрү да бар экен. Демек, тең салмактуулук бар. Ал эми аңгемелердин, ырлардын ички мазмуну да купулга толду. Эми мындан ары журналдын жолу дайым ачык болсун!"
“Монпарнас” журналынын жобосуна ылайык, ага авторлордун башка булактарга жарыяланбаган чыгармалары гана жиберилиши керек. Келген эмгектерди журнал интернет айдыңында же басмаканадан жыйнак кылып чыгаруу укугуна ээ. Эгерде башка бир тарап “Монпарнаска” чыккан чыгарманы жарыяласа, сөзсүз түрдө журналга шилтеме жасашы керек.
Кыргызстан эгемендик алгандан бери чыгармачылыктын башка тармактары сыяктуу эле адабият дүйнөсү да көмүскөдө калганы айтылып келет. Калем акы төлөнбөгүнөн улам сын жанры да таптакыр аксап калганы жөнүндө адабиятчылар эчен ирет коңгуроо кагышкан.
Жазуучулар союзу алдыда мамлекет уюмга чоң суммадагы каражат бөлөрүн, бул акча поэзия, проза, драматургия, котормо жана адабий сынды жандантууга жумшаларын билдирген.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.