Уюмдун Борбор Азия жана Чыгыш Европа боюнча регионалдык кеңешчиси Алтынай Мырзабекова Кыргызстандын жана кошуна өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрүн чечмелеп берди.
- Сөзүбүздү Кыргызстандан баштасак. Быйыл 26 упай алып, 180 өлкөнүн арасынан 141-сапка жайгашыптыр. Бирок сиздердин уюм орундар анча маанилүү эмес, негизгиси, упайларды эске алуу зарыл деп айтып жүрөт. Кыргызстан эмне себептен көңүл чордонунда болушу керек деген өлкөлөрдүн арасына кирип калды? Бул эмнени билдирет?
- Кыргызстандын көрсөткүчүн төмөн деп бааласа болот. 2020-жылдан бери өлкө 5 упай жоготту. Тилекке каршы, Кыргызстандын “Коррупцияны кабылдоо индексиндеги” көрсөткүчтөрү начарлап баратат. Өлкө көңүл буруш керек же көңүл чордонунда болуш керек дегендердин катарына киргизилди. Анткени өткөн жылы терс динамика байкалды, паракорлукка байланышкан бир топ окуялар болду. Биз алдыдагы жылдарда Кыргызстанга байкоо салып турабыз, коомчулуктун көңүлүн бурдуруу зарыл деп чечтик.
Жалпысынан алганда, өлкөдөгү абал начарлап баратат. Муну сөз болгон индекстен да көрүүгө болот. Тилекке каршы, улуттук же жергиликтүү деңгээлде болобу, сот системасы көз каранды болуп калды. Коррупциялык иштерди караган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) ишине таасир этүү аракеттери көрүлгөн. Атайын кызмат, биз көрүп тургандай, эркин журналисттерге, саясий оппоненттерге, жемкорлуктун бетин ачкандарга каршы репрессиялоо каражатына айланды. Жакында эле коррупцияны ашкерелеген эркин журналисттердин кармалганына күбө болбодукпу. Сотторго кысым-басым менен паракорлуккка каршы мыйзамдарды натыйжасыз колдонуу да сот системасынын көз каранды болушуна алып келип жатат.
Буга кошумча өткөн жылы Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамга алымча-кошумчалар киргизилди. Өзгөртүүлөр сатып алууларды тендерсиз ишке ашырууга жол ачат. Бул өз кезегинде мамлекеттик мекемелердин өз ишин ачык-айкын жүргүзүүсүнө залакасын тийгизет. Себеби бюджеттин дээрлик үчтөн бир бөлүгү көмүскөдө калат. Катардагы жарандар, активисттер менен журналисттер акчанын кайда жумшалганын, сатып алуулар кандай өтүп жатканын көзөмөлдөй албай калышат. Бул кайра эле мамлекеттин отчёт берип туруусу, ачык айкындык маселесин жаратат.
Дагы караңыз Президенттик үч жыл: Садыр Жапаровдун экономикалык саясаты- Кыргызстандын жетекчилери паракорлук менен күрөш натыйжалуу жүрүп жатканын белгилешет. Өткөн ноябрда президент Садыр Жапаров коррупция 90% жоюлуп, жемкорлуктан түшкөн каражат менен бюджет көбөйүп жатканын “Фейсбукка” жазган. Бирок президент коррупциянын 90% жоюлганы тууралуу кайсы көрсөткүчтөргө негиздеп жазганын тактаган эмес. Ал эми Transparency International жана башка эл аралык уюмдар жемкорлук жайылып жатканын айтышат. Ушундай айырмачылык эмнеден келип чыгат?
- Ошол көрсөткүчтөрдү карап көрүү кызыктуу болмок. Эсеп-санактарды, сандарды эл аралык коомчулукка, кыргызстандык журналисттерге, активисттерге жеткиришсе, биз дагы кайтарылган активдер чындап эле максаттуу жумшалып жатканын карап көрөт элек. Тилекке каршы, акыркы 3-4 жылдан бери мамлекеттик бюджетке, тендерлерге, азыр айткан сатып алууларга, аткаминерлердин отчёттуулугуна байланышкан жараяндар ачык жүрбөйт. Мындан улам жарандык коом ошол маалыматты ала албай калат. Президент Садыр Жапаров таянган көрсөткүчтөр менен таанышуу кызыктуу болмок. Бизде андай маалыматтар жок. Биз “Коррупцияны кабылдоо индексин” түзгөндө, эл аралык уюмдардан, орто эсеп менен кеминде 13 булактан маалымат алабыз.
- Коррупция менен күрөштү жакшыртуу үчүн Кыргызстанга кандай кеңеш бересиңер?
- Эң негизгиси, сот системасын күчтөндүрүү керек. Себеби, мен айтып өткөндөй, ушу тапта сот системасы аткаруу бийлигинин жана мыйзам чыгаруу бийлигинин катуу таасири астында иштейт, көз каранды болуп калган. Ошондуктан иликтөөлөрдү жүргүзүү, коррупциялашкан аткаминерлерди жоопко тартууга өбөлгө түзүү максатында бул жаатта реформаларды ишке ашыруу зарыл. Мамлекеттик институттардын ишин ачык кылуу, журналисттердин, катардагы жарандардын ошол структуралардын ишмердиги тууралуу маалымат алуусун камсыздоо маанилүү. Коррупцияга каршы мыйзамдарды кабыл алып, жакшыртып, эң негизгиси аткарылышына көз салыш керек.
Ошондой эле сөз эркиндигин чектебей, биз азыр күбө болуп жаткандай эркин медиа кызматкерлерди, иликтөөчү журналисттерди, блогерлерди куугунтуктоону токтотуу, аларга өз ишин аткарып, жемкорлуктун бетин ачууга шарт түзүү маанилүү.
- Борбор Азиянын калган өлкөлөрүнө кайрылсак, индекстеги көрсөткүчтөрү жакшырган же тескерисинче, кескин начарлагандар барбы?
- Адегенде жалпы Борбор Азия жана Чыгыш Европа региону 35 балл алганын баса белгилейт элем. Бул абдан төмөн көрсөткүч. 100 баллдык системада 35 упай, албетте, жакшы көрүнүш эмес. Аймак бул жагынан Африканын Сахара чөлүнүн ылдый жагындагы өлкөлөрдү гана артта калтырып, “Коррупцияны кабылдоо индексинде” аягынан санаганда экинчи сапка жайгашты. Мындан улам Борбор Азиядан Казакстандын көрсөткүчөрү жакшыраак деп айтсам да, глобалдык алкакта ал өлкөнүн көрсөткүчтөрү абдан төмөн. Казакстан быйыл 39 упай алды, бул өткөн жылга караганда 3 баллга көбүрөөк. Жалпысынан алганда, өлкө индексте акыркы 3 жылдан бери улам түшүп, кайра көтөрүлүп келатат.
Казакстандын рейтинги чөлкөмдөгү башка кошуналар менен салыштырганда жакшыраак. Сыртка чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу аракеттери менен Казакстан коррупция менен күрөшүүдө кандайдыр бир ийгиликтерди көргөзүп келатат. Былтыр, мисалы, мыйзамсыз чыгарылган 1,7 млрд доллар кайтарылды. Андай жараян 2022-жылкы Январь окуяларынан кийин башталган. Андан тышкары укук тармагында реформалар жүргүзүлдү, паракор аткаминерлерге каршы сот иштери козголду. Мунун бардыгы коррупция менен күрөштөн кабар берет.
Бирок бийликтин авторитардык табиятын, айкындыктын жоктугун, сот системасынын көз карандылыгын эске алганда, жемкорлук менен кеңири алкактагы күрөш тууралуу кеп кылуу мүмкүн эмес. Мисалы, казакстандык активисттер өлкөгө кайтарылган каражаттын өлчөмүн, кантип, качан алынып келгенин, кайда жумшалып жатканын так билишпейт. Бул жакта да айкындуулукту, жарандык коомдун маалымат алуусун камсыздоо зарыл.
- Ал эми Өзбекстан илгерилөө байкалган өлкөлөрдүн катарында аталыптыр. Ал өлкөдөгү абал кандай?
- Өзбекстан “Коррупцияны кабылдоо индексинде” туруктуу көтөрүлүп келатат. 2014-жылдан тарта же дээрлик он жылдан бери 15 балл кошту. Азыркысында 34 упай алды. Өзбекстан паракорлук менен күрөштө ийгиликтерге жетишип, көрсөткүчтөрүн жакшыртууда. Биз бөлүп белгилеген чаралардын арасынан Коррупцияга каршы агенттиктин түзүлүшүн атаса болот. Өкмөт ички көзөмөлдү жана аудитти күчөтүү максатында мурдагыдан катаал инструменттерди киргизди. Паракорлукка малынган бир катар аткаминерлерге айып тагылды. Терс көрүнүштөрдү айта турган болсом, авторитардык башкаруу, жана белгилегендей, мамлекеттик институттардын ачык иштөөсүн жана отчёт берип туруусун толук камсыздай албайт. Андыктан сөз эркиндигине шарт түзүү, өлкөнү мындан ары да ачык кылуу, демократия принциптерин сактоо, сот системасын бийликке нааразы болгондорго каршы колдонбоо маанилүү.
Дагы караңыз "Коррупциянын бетин ачуу - кылмыш эмес"- Тажикстанда кандай тенденциялар байкалууда? Кошуна өлкө 20 упай менен рейтингдин төмөнкү саптарына жайгашыптыр.
- Өткөн жылга караганда Тажикстандын көрсөткүчтөрү 4 упайга начарлаган. Бирок бул быйыл Дүйнөлүк экономикалык форумдун (WEF) булагын киргизбегендиктен болду. Бирок негизинен абал ошол бойдон калды. Тажикстан менен Түркмөнстан борбор азиялык өлкөлөр арасынан индексте акыркы саптарда турат. Биз авторитардык режимдерде жемкорлук менен толук кандуу күрөшүү мүмкүн эместигин белгиледик.
- Ушу өңдүү доклад-отчётторду сөз кылганда, калың эл "абстрактуу бир нерселер айтылып жатат" деп кабыл алышы мүмкүн. Карапайым элге паракорлуктун алардын турмушуна түздөн түз тийгизген терс таасирин кантип жеткирсе болот?
- Ооба, менимче, борбор азиялыктар күнүмдүк жашоодо паракорлукка дээрлик күн сайын туш болот. Коррупция турмуштун бардык чөйрөлөрүнө, аспектилерине, мисалы, саламаттыкты сактоого, билим алууга, адилеттүү соттун жеткиликтүүлүгүнө залака келтирерин даана көрүүгө болот. Ошол эле пандемия учурунда саламаттык сактоо, мамлекеттик сатып алуулар тармактарындагы жемкорлуктан улам карапайым элдин жардам алуусу, медициналык тейлөөгө жетүүсү кыйын болгонун билебиз. Ушу жөнөкөй эле мисалдан коррупциянын кандай кайгылуу окуяларга алып келиши мүмкүн экенин баамдаса болот.
- Сиздер түзгөн рейтингдин сап башында Дания, Финляндия өңдүү өнүккөн, демократиялык мамлекеттер турат. Өлкө канчалык демократиялык болсо, коррупция ошончолук аз болот деген түшүнүктүү да. Ушуга токтоло кетесизби.
- Ооба, индекстин жогорку саптарында күчтүү демократиялык процесстер жүргөн, экономикасы күчтүү өлкөлөрдү көрүүгө болот. Бул – быйыл 90 упай алган Дания, Финляндия, Жаңы Зеландия. Ал эми төмөнкү орундарда авторитардык, көп жылдардан бери уруш, куралдуу жаңжалдардан жапа чегип келаткан Түштүк Судан, Сомали, Сирия жайгашкан.
Демократиялык өлкөлөрдө күчтүү мамлекеттик институттарды көрүүгө болот, бийлик өз ишин ачык-айкын жүргүзөт, жарандык коом активдүү. Мунун бардыгы паракорлукка бөгөт коюуга, андай терс көрүнүштү чектөөгө мүмкүндүк берет. Авторитардык режимдерге маалыматтарды жашыруу, мамлекеттик структуралардын үстүнөн көзөмөл кылуучу институционалдык механизмдердин чабалдыгы, көз карандысыз сот системасынын жоктугу мүнөздүү. Мунун бардыгы жемкорлуктун жайылышына шарт түзөт.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.