Корумду: Тамчы таза сууга зар болгон айыл

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Корумду айылында таза суу жок. Тоо бооруна жакын айылдагы төрт жүз түтүндөн ашык эл булактан, арыктан суу ичип, тиричилик кылууга аргасыз. 2017-жылы суу чыгарууга бюджеттен акча каралып, иш башталгандай болгону менен ал аягына чыкпай турат. "Ысык-Көл курулуш сервис" компаниясынын өкүлү иштин орчундуу бөлүгү бүткөнүн, эми калган каржылоону күтүп жатканын айтты.