Пакистан менен Иран коопсуздукту биргелешип жакшыртууну макулдашышты

Пакистан Иранга сокку урган күн. 2024-жылдыг 18-январы.

Пакистан менен Иран коопсуздук жаатындагы абалды жакшыртуу боюнча биргелешип аракет көрүүнү макулдашты. Бул тууралуу бүгүн 29-январда Associated Press агенттиги билдирди.

Агенттик белгилегендей, ушуну менен кошуналар ортосунда жалпысынан 11 адамдын өмүрүн алган чыңалууну токтотууга жол ачылууда.

Ирандын башкы дипломаты Хосейн Амир-Абдоллахиян Исламабадга барып, пакистандык кесиптеши Жалил Аббас Жилани менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Ирандын тышкы иштер министри Пакистандын убактылуу премьер-министри Анваарул-Хак-Какар менен жолугушкан.

Январдын ортосунда Иран Пакистандын, Ирактын жана Сириянын аймагына сокку урган. Расмий Тегеран Пакистанда белужистандык жикчилердин кызыкчылыгын жактаган «Жейш ал-Адл» тобу, Иракта “израилдик тыңчылардын борбору”, ал эми Сирияда “Ислам мамлекети” террордук тобунун туруму бутага алынганын билдирген. Бир нече адамдын, анын ичинде балдардын өмүрү кыйылган.

18-январда Пакистан Ирандын аймагындагы жети объектиге сокку урган. Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө "Ирандын Систан жана Белужистан провинциясында террористтер топтолгон жерлерге эң так координацияланган жана максатка багытталган жогорку тактыктагы аскердик соккулар урулду", - деп белгиленген. Бир нече адам жок кылынганы кабарланган. Ошол эле учурда расмий Исламабад Иранды бир тууган өлкө деп атап, анын суверенитети менен аймактык бүтүндүгүн урматтай турганын кошумчалаган.

Бул окуялардан кийин Пакистан Тегерандагы элчисин чакыртып алып, ирандык элчинин Исламабадга кайтуусуна жол бербей койгон. (RK)

Дагы караңыз

Кыргыз-Орус славян университетине өзгөчө макам берүү каралуудаПутин бешинчи ирет президенттикке талапкер болуп катталдыКара-Суу базары: Ташиевдин билдирүүсү, базар ээлеринин жүйөсүЖапырт кармалган 11 журналист тергөө абагына которулду