Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:07

Кыргыз-Орус славян университетине өзгөчө макам берүү каралууда


Кыргыз-Орус Славян университетинин имараты.
Кыргыз-Орус Славян университетинин имараты.

Кыргыз-Орус славян университетине өзгөчө макам берүү каралууда. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу 29-январда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Абазбек уулу депутат Чыңгыз Айдарбековдун: “Өзгөчө макам деген бул башка беш университетке берилген сыяктуу улуттук макамбы?” - деген суроосуна “ошондой” деп жооп берди.

Министрдин орун басары окуу жайдын сапатын жогорулатуу муктаждыгы жаралганын жана муну орус өкмөтү да түшүнүп жатканын белгиледи. Ал кыргыз тарап университеттин алкагында педагогикалык багыттагы адистиктерди ачууну сунуштап, колдоо тапканын кошумчалады.

“Орусиянын жардамы менен Кыргызстанда тогуз мектеп ачылышы керек. Алар үчүн кадр даярдоо маселеси бар. Ал мекемелерде эки стандарт менен окутат. Мунун баарын бир нукка түшүрүү керек деп эсептейбиз”, - деди Абазбек уулу.

Комитеттин жыйынында 2023-жылы 12-октябрда Бишкекте кол коюлган кыргыз-орус өкмөттөрүнүн Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинин ишинин шарттары жөнүндө кол койгон макулдашуусун ратификациялоо маселеси каралды. Комитет бул документти үч окууда бир кароону жалпы жыйында сунуштай турган болду.

Абазбек уулунун маалыматына караганда, 2023-жылы билим берүү грантынын негизинде бюджеттен университетке 46 млн 737 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле атайын эсепке 368 млн 85 миң 124 сом которулган. Ал эми Орусия 444 млн 501 миң 300 рубль каражат бөлүп, окуу жайдын жылдык бюджети 840 миллион 850 миң 25 сом болгон.

Окуу жай Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдин негизинде ачылган. Анда сабактар дээрлик орус тилинде өтөт. Университеттин бүтүрүүчүлөрүнө кыргызстандык жана орусиялык үлгүдөгү диплом берилет. Жетекчилерин да Орусиянын Агартуу министрлиги дайындап, Кыргызстандын Билим берүү министрлиги менен макулдашат деп көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG