Кыргызстандын Футбол уюмунун президенти Медербек Сыдыков кызматтан кетти. Бул тууралуу ал 29-январда Кыргызстандын футбол бирлигинин аткаруу комитетинин жыйынында айтканы белгилүү болду.
Футбол уюмунун басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында Медербек Сыдыков Катарда өтүп жаткан Азия кубогунда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюну тууралуу маалымат берген. Ошондой эле өзү да кызматтан кетүү ниетин билдирген.
“Медербек Сыдыковдун билдирүүсүн эске алуу менен аткаруу комитети да коллегиалдуу орган катары өзүнүн жоопкерчилигин сезип, ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алды”, - деп айтылат маалыматта.
Футбол уюмунун президенти жана аткаруу комитетинин учурдагы курамы Кыргызстандын футбол бирлигинин 19-февралда өтө турган кезексиз конгрессине чейин иштейт. Курултайда Футбол уюмунун президентин жана аткаруу комитетин шайлоо болот.
Медербек Сыдыков бул кызматка 2021-жылы шайланган. Ага чейин Кыргызстандын Футбол лигасынын президенти, Футбол бирлигинин баш катчысы жана “Нефтчи” клубунун менежери болгон.
Футбол бирлигинин жобосуна ылайык уюмдун жетекчиси төрт жылга шайланат. Кыргызстандын футбол федерациясы 1992-жылы түзүлүп, 2019-жылы Кыргыз футбол бирлиги деп өзгөртүлгөн.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Катарда өтүп жаткан Азия кубогунда тайпадан чыкпай калды. “Акшумкарлар” тайпалык баскычта алгач Тайландга 2:0, Сауд Арабиясына да ушундай эле эсеп менен жеңилген. F тайпасындагы акыркы оюнунда Оман менен беттешип, 1:1 эсебинде тең чыгып, үч беттеште бир гана гол киргизди. (BTo)
Дагы караңыз
Жазуучу Мелис Абакиров дүйнө салдыПрезидент Жапаров расмий сапар менен Казакстанга баратЮНИСЕФ ӨКМге 4,7 млн сомдук 25 чатыр бердиОрусияда киши өлтүрүп соттолгон адамга согушка катышканы үчүн ырайым берилдиЖапырт кармалган журналисттердин бөгөт чарасы февралда каралат