ЮНИСЕФ ӨКМге 4,7 млн сомдук 25 чатыр берди

ЮНИСЕФ берген чатырлар. 2024, январь

Эл аралык ЮНИСЕФ уюму Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 25 чоң чатыр берди. Аталган уюмдан кабарлашкандай, бул чатырларды убактылуу окуу мекемеси, тамактануу жайы, медициналык пункт же үйсүз калган адамдарды жайгаштыруу үчүн колдонсо болот. Чатырлардын жалпы наркы 4,7 млн сомду түзөт.

"ЮНИСЕФ ар бир баланын коопсуздугун камсыз кылуу максатында өлкөнүн өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын күчөтүүдө жана ага чара көрүүдө Кыргызстанга колдоосун уланта бермекчи", - деп жазылган маалыматта.

ЮНИСЕФ - Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду. Уюм саламаттык сактоо, билим берүү тармагына дагы жардам берип келет.

Анын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2023-жылы декабрда вакциналарды сактоо үчүн аймактардагы медициналык мекемелерге 11 жаңы муздаткыч бөлмөлөрдү орното баштаган. Мунун алдында өлкөдөгү 22 медициналык мекемеге ымыркайлардын жана жаш балдардын угуу көйгөйлөрүн эрте аныктоо үчүн жабдууларды берген. Баасы 8,6 миллион сомго бааланган. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусияда киши өлтүрүп соттолгон адамга согушка катышканы үчүн ырайым берилдиЖапырт кармалган журналисттердин бөгөт чарасы февралда каралатКыйноону алдын алуу борбору ИИМди журналисттерди тергөө абагына которууга чакырдыӨкмөт картошка менен пахтанын аянтын азайтууну сунуштады