Жапырт кармалган журналисттердин бөгөт чарасы февралда каралат

16-январда жапырт камалган журналисттер. 2024

Бишкек шаардык соту жапырт кармалган журналисттердин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттардын апелляциялык арызын кароону 1-февралга белгиледи.

Шаардык соттон "Азаттыкка" ырастагандай, 11 журналисттин бөгөт чарасын өзгөртүүгө байланыштуу арыздар 1, 2 жана 5-февраль күндөрү каралат. Ушул эле күндөрү сот алардын кармалышынын мыйзамдуулугун дагы карайт.

16-январда кармалган 11 журналист эки айга тергөө абагына камоо тууралуу сот чечими чыкканына карабай дагы деле милициянын убактылуу жайында кармалып турганын Кыйноолордун алдын алуу борборунун жетекчиси Бакыт Рысбеков "Азаттыкка" билдирди.

Аталган мекеме алардын убактылуу кармоо жайында кармалып турушунун мыйзамдуулугун кароо өтүнүчү менен Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылган.

Алар убактылуу кармоочу жайдын шарты узак мөөнөткө кармоого ылайык эмес экенин белгилеп, журналисттерди кармоо тартиби жана алардын укуктары бузулганын билдиришүүдө.

Жаза аткаруу кызматы буга чейин "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип, журналисттердин тергөө абагына которула электигин Ички иштер министрлигинин иши деп билдирген. ИИМден маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Бул чечимге каршы жактоочулар Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жолдошкон.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттердин кармалышын айыптап, аларды тез арада бошотууга чакырууда.

Президент Садыр Жапаров 19-январда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине медиа тармагындагы акыркы окуяларга комментарий берип, камакка алынган 11 адамды “алар кесипкөй журналист эмес", "социалдык тармактарда ар кандай маалыматтарды чыгарып, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат” деген. (КЕ)

Дагы караңыз

Транспорт министрлигинде 1 млрд сомдон ашык мыйзам бузуу аныкталдыУкраинадагы согушка катышкан дагы бир "вагнерчи" киши өлтүрүүгө айыпталып кармалдыУКМК Сузак айыл өкмөтүнүн өрттөнгөн имараты оңдолгонун билдирдиИорданияда дрон чабуулунан америкалык үч аскер набыт болду