Транспорт министрлигинде 1 млрд сомдон ашык мыйзам бузуу аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Эсеп палатасы 2021-2022-жылдар аралыгында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен анын карамагында турган мамлекеттик ишканаларда 1 млрд 251 млн 455 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, анын ичинен 366 млн 630 миң сом бюджетти аткарууда, 57 млн 283 миң сом мүлктү пайдаланууда, 214 млн 824 сом отчет берүүдөгү тартипти бузууда келтирилген чыгым.

Андан тышкары мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдын бузулушунан бюджетке 612 млн 670 миң сом зыян келтирилген.

Кыргызстанда бир топ жылдан бери “өтө коррупциялашкан мамлекеттик органдар” деп сот, жол, медицина, милиция, жогорку окуу жайлар, прокуратура жана бажы кызматы айтылып келет. (BTo)

Дагы караңыз

Иорданияда дрон чабуулунан америкалык үч аскер набыт болдуТүркия БУУнун агенттигин каржылоону токтотуу чечимин карап чыгууга чакырды Иран үч спутникти ийгиликтүү учурганын билдирдиТеннис: Австралиянын ачык чемпионатын италиялык Синнер уттуКыйноону алдын алуу борбору 11 журналист тергөө абагына которула электигин билдирди Украина армияга кетчү акчаны кымырган схеманын бетин ачты