Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Кыйноону алдын алуу борбору 11 журналист тергөө абагына которула электигин билдирди


Rамалган журналисттер.
Rамалган журналисттер.

16-январда кармалган 11 журналист эки айга тергөө абагына камоо тууралуу сот чечими чыкканына карабай дагы деле милициянын убактылуу жайында кармалып турат. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу борборунун жетекчиси Бакыт Рысбеков "Азаттыкка" билдирди.

Аталган мекеме алардын убактылуу кармоо жайында кармалып турушунун мыйзамдуулугун кароо өтүнүчү менен Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылган.

Жаза аткаруу кызматы буга чейин "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип, журналисттердин тергөө абагына которула электигин Ички иштер министрлигинин иши деп билдирген. ИИМден маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камалган.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттердин кармалышын айыптап, аларды тез арада бошотууга чакырууда.

Президент Садыр Жапаров 19-январда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине медиа тармагындагы акыркы окуяларга комментарий берип, камакка алынган 11 адамды “алар кесипкөй журналист эмес", "социалдык тармактарда ар кандай маалыматтарды чыгарып, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат” деген.

XS
SM
MD
LG