Ошто туман тарап, каттамдар жанданды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында 27-январда түнү түшкөн коюу туман түшкө маал тарап, авиакаттамдар кайрадан калыбына келди. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Аба майдан өз убагында учпай калган каттамдардын убактысын мекеменин сайтынан жана авиакомпаниялардан тактап алууну өтүнөт.

Аэропортто 27-январь күнү түнкү саат 03:20дан тартып коюу туман каптап, каттамдар учпай калган.

Буга чейин 20-январда, 16-январда дагы аба ырайына байланыштуу Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыттары боюнча, Ош-Стамбул жана Стамбул-Ош багыттары боюнча авиакаттамдар токтотулганы кабарланган. Ошол маалда тумандан улам 60-70 метрден алыс жер көрүнбөй калганы айтылган.

Аба ырайы кескин өзгөрүп, туман каптаган маалда Кыргызстандагы аэропорттордо каттамдар кармалган учурлар болот. (КЕ)

Дагы караңыз

Жаза аткаруу кызматы түрмөдөгү тополоң басылганын билдирдиБУУнун кызматкерлери ХАМАСтын Израилге кол салуусуна тиешеси бар деп шектелүүдө28-январдын аба ырайыТашиев Кара-Суу базары мамлекетке өтө турганын билдирди