Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Кыргызстандагы бардык мүлкү мамлекетке алынарын айтты. Атайын кызматтын башчысы бул тууралуу бүгүн, 27-январда Ош облусунун Кара-Суу районунда соодагерлер менен жолугушуу учурунда билдирди.
"Матраимовго азыр издөө жарыяланды. Анын Ош облусунун тегерегиндеги, Кыргызстандын тегерегиндеги бардык мал-мүлкүн алабыз, бир сотых жерин калтырбайбыз. Ал жөнөкөй адам болуп, кайтып келсе да мурдагы кыйын, "Раим миллион" болбойт эми. Кара-Сууга барып, силердин араңарда соода кылса, жанын багат. Антпесе өзүнө кыйын болот. Мурдагыдай клан болбойт", - деди Ташиев.
Ал Матраимовго байланыштуу Ош облусу боюнча 50гө жакын ар кандай мамлекеттик органдардын жетекчилери кызматтан алынганын кошумчалады.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берилгени 26-январда белгилүү болгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.
Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлду.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр ноябрда Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө “мафия түзгөн” деп айыптаган.
Матраимов акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек. Анын азыр кай жакта экени белгисиз.
2021-жылы да УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.
2019-жылы “Азаттык” радиосу өнөктөштөрү OCCRP жана “Клооп" менен бирге жасаган “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” деген иликтөөдө журналисттер тапкан фактыларга нааразы болгон кыргызстандыктар көчөгө чыккан. Иликтөөдө Матраимов Борбор Азияда көмүскө карго компаниясын түзгөн кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырды кантип калкалап турганынын бети ачылган. (КЕ)