БУУнун кызматкерлери ХАМАСтын Израилге кол салуусуна тиешеси бар деп шектелүүдө

БАПОРдун баш катчысы Филипп Лаззарини.

Палестина автономиясында жана Газа тилкесинде иштеген Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы Палестин качкындары боюнча агенттиги (БАПОР) өзүнүн бир нече кызматкерин иштен алганын жарыялады. Алар 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС тобунун (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) Израилге жасаган чабуулуна катышкан деп шектелүүдө.

Улуттар Уюмунун Палестин качкындар боюнча агенттигинин жетекчиси Филипп Лаззарини билдергендей, кол салууга бир нече кызматкердин катыштыгы бар экендиги тууралуу маалымат агенттикке Израил бийлиги тарабынан берилген. БАПОР иликтөө иштерин баштады.

"Террордук актыларга катышкан БАПОРдун ар бир кызматкери жоопкерчиликке, анын ичинде кылмыш жоопкерчилигине тартылат", - деди Лазарини. Ал агенттик 7-октябрда жасалган кол салууларды "катуу түрдө айыптай турганын" кайталады жана бардык израилдик барымтадагыларды токтоосуз бошотууга чакырды.

Лаззарини БУУнун баш катчысы Антониу Гутеррешке "агенттиктин кызматкерлерине коюлган өтө олуттуу айыптоолор" тууралуу маалымат берди. Ал канча кызматкер бул ишке шектелип жатканын айткан жок, бирок АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө алардын саны 12 экени белгиленген. Ошондой эле АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Гутерриш менен сүйлөшүп, "бул маселени кылдат жана тез арада иликтөөнүн зарылдыгын баса белгилеген" деп айтылат.

АКШ БАПОРдун негизги демөөрчүүсү. Иликтөөнүн жүрүшүндө Вашингтон аны каржылоону убактылуу токтотту.

"БАПОР Газа тилкесинде жашаган эки миллиондон ашык адамга керектүү тамак-аш, дары-дармек жана баш калкалоочу жайларды камтыган гуманитардык жардам көрсөтүп келет", -- деп айтылат Лаззарини менен АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө.

Израил буга чейин БАПОРду бир нече жолу сындап, агенттик башкарган мектептерди ХАМАС террордук аракеттер үчүн колдонгон деп ырастаган.

ХАМАС менен Израилдин ортосундагы азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрдагы Израилдеги кандуу окуя себеп болгон. Ал күнү ХАМАСтын согушкерлери Израилдин аймагына кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 240ка жакын тургунду барымтага алып кеткен. Ноябрдын ортосунда барымтадагылардын айрымдары, негизинен аялдар жана балдар Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналык аялдарга жана өспүрүмдөргө алмашылган. Израилдин соңку маалыматына караганда, азыр барымтада дагы 132 адам бар, 25 адам хамасчылардын колунан ажал тапкан.

ХАМАС көзөмөлдүк кылган Газанын саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 26 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, аймакта азыркы тапта гуманитардык кризис курчуп турат.

Дагы караңыз

Ташиев Кара-Суу базары мамлекетке өтө турганын билдирдиБалыкчы: милициянын машинеси сүзүп кеткен кыз эсине келди, факт боюнча иш козголдуКыргызстанда эндик, уу коргошунду пайдаланууга тыюу салуу сунушталууда Кыргыз-тажик чек арасы: жумушчу топ тактала элек аймактарда иштеди