Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:18

Балыкчы: милициянын машинеси сүзүп кеткен кыз эсине келди, факт боюнча иш козголду


Балыкчынын тургундары оорукананын алдына топтолушту. 27-январь, 2024
Балыкчынын тургундары оорукананын алдына топтолушту. 27-январь, 2024

Балыкчыда милициянын машинеси сүзүп кеткен 12 жаштагы кыз эсине келип, сүйлөп калды. Бул тууралуу Балыкчы шаардык жалпы дарыгерлик практика борборунун директорунун орун басары Алмаз Кенжебеков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, окуучунун абалы оор, бирок туруктуу.

"Кыз учурда эсине келип сүйлөп, тамак ичип жатат. Тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы чыкса балким операция жасалышы мүмкүн", - деди Кенжебеков.

Башкы прокуратура Балыкчы шаарында окуучу кызды автоунаа сүзүп кеткен факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси (“Коркунучта калтыруу - этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун) менен кылмыш иши козголгонун кабарлады.

Маалыматка караганда, облустук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу - этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген ошол эле жосун”) менен кылмыш ишин козгогон.

Облустук прокуратура жогорудагы кылмыш иштерди тергөөнү УКМКнын Ысык-Көл облустук башкармалыгына тапшырды.

Кырсык 26-январда түштө болгон.

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы бул маалыматты ырастап, кызды сүзүп кеткен Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаа Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө тиешелүү болуп чыкканын билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, Балыкчы шаардык милициясынын аймактык ыйгарым өкүлү К.Б. тергөө кызматына келип, өспүрүм кызды сүзүп алып, окуя болгон жерден качып кеткенин айтып берген. Аны наркологиялык текшерүүдөн өткөргөндө таза экени аныкталган. Автоунаа айып короосуна киргизилген.

Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча маалымат таратып, Балыкчы шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев менен кызматкер иниси экөө ээлеген кызматтарынан бошотулганын кабарлаган.

27-январга караган түнү 50дөй тургун шаардык милициянын башчысынын бул кырсыкка тиешеси бар-жогун так билүү үчүн Балыкчы милициясынын алдына чогулушкан. Алар кызды иниси эмес, Балыкчы шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев өзү сүзгөн деген пикирлерин билдирүүдө. Чогулгандарга шаардык улуттук коопсуздук комитетинин башчысы чыгып, милициянын башчысы изделип жатканын айткан. (KE/AsK)

XS
SM
MD
LG