28-январдын аба ырайы

28-январга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда кар жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон
шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;

Баткен,Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3 градус, күндүз 7…12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7 градус болот.

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, ал эми күндүз -1...-6 градус болот.

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -19...-24, күндүз -4...-9° градус суук болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Туман түшүүсү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 4…6 градус суук болот.

Дагы караңыз

Ташиев Кара-Суу базары мамлекетке өтө турганын билдирдиБалыкчы: милициянын машинеси сүзүп кеткен кыз эсине келди, факт боюнча иш козголдуКыргызстанда эндик, уу коргошунду пайдаланууга тыюу салуу сунушталууда Кыргыз-тажик чек арасы: жумушчу топ тактала элек аймактарда иштеди