Кыргызстанда эндик, уу коргошунду пайдаланууга тыюу салуу сунушталууда

Иллюстарциялык сүрөт.

Кыргызстанда өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн өзгөчө пайдаланууга убактылуу тыюу (мораторий) киргизүү сунушталууда. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин буга байланыштуу документи коомдук талкууга чыгарылды.

Аталган мекеме өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүнүн запастарынын жок болушун, азайышын алдын алуу максатында мораторий киргизүү сунушталып жатканын белгилеген.

Андай өсүмдүктөргө:

  • макратомия (Macrotomia DC),
  • эндик (Arnebia Forssk),
  • кыял (Dictamnus L),
  • уу коргошун (Aconitum L)
  • афлатун пиязы (Allium aflatunense B. Fedtsch) кирет.

"Ушул өсүмдүктөрдүн жер астындагы бөлүктөрүн (тамырларды, түп тамырларды, пияздарды ж.б.) чогултууга өзгөчө суроо-талапка көп болгондуктан, Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорунун максаты жана милдети өсүмдүктөр дүйнөсүн сактоо жана көбөйтүү", - деп жазылган документте.

2021-жылы апрель айында Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканын айтып чыккан. Журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин билдирген. Ал тундурманы президент Садыр Жапаров экөө даярдап, дарыгерлерге дарылоону үйрөтүп жатканын айткан.

Кийин саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп келген Жаркынбек Касымбеков уу коргошун дары катары эч кандай клиналык жактан тастыкталбаганын белгилеген. (КЕ)

Дагы караңыз

Путин Украинадагы аскерлердин санын 600 миң деп бааладыАскер бөлүгүнүн башчысы кымбат баалуу платаларды сатууга шектелип кармалдыБалыкчы: окуучу кызды сүзүп кеткен окуядан кийин милициянын башчысы жана иниси иштен алынды Ош: коюу туманга байланыштуу аба каттамдар кармалууда