Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы кырсыктан беш адам мүрт кетти

Кырсыкка кабылган автоунаалар.

26-январда Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунун 38-чакырымында болгон автокырсыктан беш адам мүрт кетип, дагы 13 киши жараат алды.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча ооруканага түшкөн төрт кишинин биринин абалы оор. Дарыгерлер үч кишинин абалын орточо деп баалап жатышат. Калгандары үйүнө чыгарылды.

Айланма жолдон Хонда Одиссей машинасы каршы тилкеге чыгып, Мерседес-Бенц спринтер автоунаасы менен кагышкан.

Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылдын тогуз айында 4 миң 800 жол кырсыгы катталып, андан 489 адам көз жумган. 2022-жылы 7040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам каза болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Сокулукта үч бала көлмөгө түшүп кетип, чарчап калды Балыкчыда милициянын машинеси сүзүп кеткен кыз оор абалда экени кабарландыКазакстанда чет өлкөлүк журналисттин ишин чектеген мыйзам колдоо табуудаЭл аралык сот Израилге каршы арыз боюнча баштапкы чечимин жарыялады ЕБ жана АКШ Беларуста жапырт саясий камоо жүрүп жатканын айыпташтыТашиев менен Ятимов чек арадагы тактала элек аймактарды делимитациялоону улантууну талкуулады