Балыкчыда милициянын машинеси сүзүп кеткен кыз оор абалда экени кабарланды

Жол кырсыгы тартылган видеодон алынган сүрөт.

26-январда Балыкчы шаарында жол боюнда турган 12 жаштагы окуучу кызды автоунаа коюп кетип, ал учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" кыздын атасы Максатбек Байгазиев билдирди. Ал кызын Балыкчы шаардык милициясынын кызматтык машинеси сүзүп кеткенин, окуя ошол жердеги дүкөндүн камерасына тартылып калганын айтты.

Азырынча Балыкчы шаардык милициясы окуя тууралуу комментарий бере элек.

Балыкчы шаардык жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Дамира Мусабаева окуучу кыз 26-январда саат 14:25те ооруканага түшкөнүн, учурда абалы туруктуу оор деп бааланып жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Балыкчыда кырсык болгонун Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы ырастап, кызды сүзүп кеткен Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаа Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө тиешелүү болуп чыкканын билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, Балыкчы шаардык милициясынын аймактык ыйгарым өкүлү К.Б. тергөө кызматына келип, өспүрүм кызды сүзүп алып, окуя болгон жерден качып кеткенин айтып берген. Аны наркологиялык текшерүүдөн өткөргөндө таза экени аныкталган. Автоунаа айып короосуна киргизилген.

Маалыматка караганда, кырсык боюнча Ысык-Көл облустук милициясынын тергөөчүлөрү жана облустук прокуратуранын кызматкерлери жеринде иштеп жатат. Облустук милициянын жетекчилиги ишти өз көзөмөлө алды.

Дагы караңыз

Сокулукта үч бала көлмөгө түшүп кетип, чарчап калды Казакстанда чет өлкөлүк журналисттин ишин чектеген мыйзам колдоо табуудаЭл аралык сот Израилге каршы арыз боюнча баштапкы чечимин жарыялады ЕБ жана АКШ Беларуста жапырт саясий камоо жүрүп жатканын айыпташты