Ташиев менен Ятимов чек арадагы тактала элек аймактарды делимитациялоону улантууну талкуулады

Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов. Согди облусу, Бустон шаары. 26-январь, 2024.

Бүгүн, 26-январда Согди облусунун Бустон шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өттү. Алар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулаганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун сүйлөшүүлөрүн мындан ары активдештирүү боюнча тапшырмаларды беришти.

Жумушчу топтун буга чейинки жолугушуусу 10-16-январда Баткен шаарында өткөн. Анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымы макулдашылганы кабарланган.

Ал эми 12-январда Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов Баткен облусунда жолугушкан. Тараптар 12-декабрда да Баткен шаарында жолугушуп, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулаган. Анын соңунда атайын билдирүү жасап, кыргыз-тажик чек арасынын 90% макулдашылганын билдиришкен.

Президент Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын айткан.

Буга чейин чек ара такталбаган тилкелерде эки тараптан тең адам өмүрүн кыйган окуялар катталган. (КЕ)

Дагы караңыз

Бишкектеги "Ала-Арча" соода борборунун башчысы кармалдыТИМ Орусияда мигранттарды "казча" бастыргандарды жоопко тартууну өтүндүМосквада америкалык журналист Эван Гершковичтин абак мөөнөтү дагы узардыУКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялады