Москвада америкалык журналист Эван Гершковичтин абак мөөнөтү дагы узарды

Эван Гершкович.

Москвада сот The Wall Street Journal басылмасынын бул шаардагы бюросунун кабарчысы, тыңчылыкка айыпталып жаткан Эван Гершковичтин камак мөөнөтүн узартты.

Лефортово райондук сотунун 26-январдагы чечимине ылайык, камалганына бир жылга чамалап калган 32 жаштагы америкалык журналист эми кеминде 30-мартка чейин камакта болот. Соттук отурум жабык өттү, ага АКШнын Башкы консулу Стюарт Уилсон катышты.

Гершковичти 2023-жылдын 29-мартында Екатеринбург шаарынан кармап кетишкен. Эртеси күнү Орусиянын Коопсуздук боюнча федералдык кызматы (ФСБ) журналист тыңчылыкка айыпталып жатканын, ал «америкалык тараптын тапшырмасы менен Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексине караштуу ишканалардын биринин ишмердүүлүгү жөнүндө мамлекеттик сыр деп аныкталган маалыматтарды чогултуп жүргөнүн» билдирген.

Гершкович өзү жана The Wall Street Journal басылмасы мындай айыптоону четке кагып келишет. АКШ администрациясы журналистке тагылган айыпты «күлкү келерлик» деп атаса, өлкө президенти Жо Байден анын кармалышын «таптакыр мыйзамга туура келбеген» деп баалаган.

Орусияда тыңчылыкка айыпталып Гершковичтен тышкары дагы бир америкалык жаран, мурдагы деңиз аскери Пол Уилан камакта отурат. Ал да орус тарап таккан айыпты саясий мүнөзгө ээ деп, четке кагып келет.

АКШнын дагы бир жараны, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы, орус да жарандыгы бар Алсу Курмашева бир нече айдан бери Казан шаарында камакта кармалууда. Кошмо Штаттар жана радио ал журналисттик ишмердүүлүгү үчүн куугунтукталып жатканын белгилөөдө. (RK)

Дагы караңыз

Ракиев кайрылуу жолдоп, муфтийликтен өз ыктыяры менен кеткенин айттыСот кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү Эстебесовду 20 жылга соттодуАЗИЯ Кубогу-2023: Кыргызстан мелдештен четтедиУКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялады