Орусия жана Украина Ил-76 учагы боюнча карама-каршы билдирүү таратышты

Учак кыйраган жер деп жарыяланып жаткан сүрөттөрдүн бири.

Орусиянын Белгород облусунда кулаган Ил-76 учагы боюнча орус жана украин тараптарынын карама-каршы билдирүүлөрү уланууда. 25-январда орусиялык депутат Андрей Картаполов Украинага учак Белгород облусунун аймагына киргени тууралуу 15 мүнөттүк эскертүү берилгенин, украин чалгын мекемеси ал эскертүүнү алганы жөнүндө тастыктаган жообун жөнөткөнүн билдирди. Бирок ал айтып жаткан сөзүнө эч кандай далил көрсөткөн жок.

Ошол эле күнү Украинанын Башкы чалгын кызматынын өкүлү Андрей Юсов украин тарап учак кыйраганы айтылып жаткан аймактын аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу орус тараптан жазуу түрүндө да, оозеки да эч кандай эскертүү же билдирме албаганын айтты. Юсовдун билдиришинче, Украина аталган аймакта чалгын дрондорун, ал эми Орусия сокку уруучу дрондорду колдонгону тууралуу маалымат бар.

Украина кандайдыр бир сокку урганы тууралуу тастыкталган маалымат жок экенин белгилеген Юсов "Тилекке каршы, чагым жасалган болушу да ыктымал, украин туткундарын С-300 системаларына курал-жабдык ташуу үчүн тирүү калкан катары колдонушкан болушу мүмкүн деген да сценарийлер каралууда», - деп айтты.

Орусия 24-январда 65 украин согуш туткунун айырбаштоо үчүн орус-украин чек арасындагы Белгород облусуна салып бараткан учагын Украина атып түшүргөнүн, ичиндеги украиндер да, экипаждын алты мүчөсү жана коштоочу үч орус аскери да мерт кеткенин билдирген.

Украин президенти Владимир Зеленский окуяга эл аралык иликтөө талап кылынарын айтып, “Учак Орусиянын аймагында кулады. Ал жак биздин көзөмөлүбүздө эмес” деп белгилеген. (RK)

Дагы караңыз

Замир Ракиев Кыргызстандын муфтийи кызматынан кетип, анын ордуна сынак жарыяланды “Кыргыз Республикасы” термини орус тилиндеги саясий жана илимий адабиятта кантип жазылып келет?11 журналист 10 күндөн бери убактылуу кармоочу жайда отурат Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жол кырсыгы катталды