Абак жайдан тыюу салынган ондогон буюмдар табылды

Жаза өтөөчү жайлардын биринен табылган буюмдар. Сүрөт ЖАКтыкы.

Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу кызматы абак жайлардын биринен тыюу салынган ондогон буюмдар табылганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, тыюу салынган буюмдарды табуу жана конфискациялоо, мүмкүн болгон жер астындагы казууларды жана башка качууга даярдыктарды аныктоо максатында жаза өтөөчү жайлардын биринде жалпы тинтүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 100гө чукул мобилдик телефон, 160тан ашуун саюучу-кесүүчү буюмдар, акча каражаттары табылып, алынган.

Ички тартип эрежелерине баш ийбеген абактагы жарандар айып изоляторуна киргизилди.

Жазаларды аткаруу кызматы декабрь айында дагы түзөтүү мекемелеринде, жаза өтөөчү жайларда тинтүү жүргүзүп, тыюу салынган буюмдар табылганын маалымдаган. Бир нече кол телефондор, колго ачытылган алкоголдук ичимдиктер, баңги заттар, бычак жана башка тыюу салынган буюмдар табылганы кабарланган. (КЕ)

Дагы караңыз

Ош: Кара-Сууда базар башчысы кармалды27-январдын аба ырайыЖогорку Сот депутат Алимжановдун мандаты боюнча чечимди күчүндө калтырдыКыргызстандын президенти Кытайдын лидерине көңүл айтты