27-январдын аба ырайы

27-январга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;

Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Баткен,Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2 градус, күндүз 7…12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6 градус болот.

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, ал эми күндүз -2...-7 градус болот.

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -19...-24, күндүз -6...-11° градус суук болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Туман түшүүсү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 3…5 градус суук болот.

Дагы караңыз

Жогорку Сот депутат Алимжановдун мандаты боюнча чечимди күчүндө калтырдыКыргызстандын президенти Кытайдын лидерине көңүл айттыПрокуратура мамлекетке 2 млн сом зыян келтирди делген сот акаруучуга кылмыш ишин козгодуКамактагы 11 журналисттин жакындары маалымат жыйынды эшикте өткөрүштү