Кыргызстан эгемендик алгандан бери донор уюмдардан жол тармагына 2 млрд 660 млн доллар каражат алган

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстан эгемендик алгандан бери жол инфратүзүмүн түзүүгө жана курууга эл аралык уюмдардан 2 млрд 666 млн доллар каражат алган. Анын 2 млрд 360 миллиону насыя, калган 11% грант түрүндө алынган. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев билдирди. Анын айтымында, бул каражатка 2 680 чакырым жол салынган.

"Ал эми 2010-жылдан бери 1 млрд 750 млн 560 миң доллар тартылган. Же жалпы тартылган сумманын 65,6% акыркы 13 жылда алынган. Бул каражаттын 1 млрд 537 млн доллары насыя түрүндө келип түшкөн. Анын жардамы менен 1,5 миң чакырымдан ашуун эл аралык жана республикалык маанидеги жолдор курулуп, реконструкцияланып жатат", - деди министр.

Кыргызстан жол тармагына негизинен Азия өнүктүрүү банкынан, Дүйнөлүк банк, Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JIСA), Кытайдын "Эксимбанкы", Ислам өнүктүрүү банкы жана Араб координациялоо тобунан каражат алган.

Парламенттин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2022-2023-жылдарга республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды жана 2013-2023-жылдар аралыгында алынган насыя, гранттарды максаттуу пайдалануусу жана коррупцияга каршы күрөшүү багытында жүргүзгөн иштери тууралуу маалыматын угуп жатат.

Жогорку Кеңеште буга чейин насыялар өзүн актабай, жол салууда коррупция тыйылбай келатканын тууралуу сын-доомат айтылган. Кыргызстан негизги жолдорду курууга насыянын басымдуу бөлүгүн Кытайдан алган. (КЕ)

Дагы караңыз

Жазуучу Мирзохалим Каримов дүйнөдөн кайттыЭрдоган Швециянын НАТОго киришин колдогон документке кол койдуСогушканы үчүн акысын ала албаган штормчулар Путинге кайрылыштыАдам сатууга шектелген аялдар Түркиядан Өзбекстанга депортацияланды