АЗИЯ Кубогу-2023: Кыргызстан мелдештен четтеди

Кыргызстандык футбол күйөрманы.

Кыргызстан Азия Кубогунун тайпалык оюндарынын үчүнчү турунда Оман курамасы менен беттешти.

Абдуллах бин Халифа стадионунда өткөн беттештин 8-мүнөтүндө Мухсен аль-Гассани алгачкы голду киргизип, эсепти ачты. 

Оюндун 80-мүнөтүндө кыргызстандык чабуулчу Кожо Жоел гол киргизип, эсепти теңеди. Кожо Жоелдин киргизген голу Кыргызстандын улуттук курама командасынын Катарда өткөн Азия кубогунунда киргизген жалгыз голу болуп калды.

Жыйынтыгында эки курама тең бирден упайга ээ болуп, кубоктун плей-офф баскычына чыга албай калды.

Кубоктун эрежеси боюнча плей-офф баскычына алты тайпанын ички беттешүүлөрүндө көп упай топтогон 1-2-катардагы командалар өтөт. Ошондой эле алты тайпанын ичинен 3-катардагы көп упай топтогон төрт команда да кошулат. Упайлары тең болгон учурда команданын өз дарбазасына кирген жана атаандашына киргизген голдордун айырмасына карап эсептелет. Ошентип плей-офф баскычына 16 команда өтөт.

Кыргызстан кийинки баскычка өтүү үчүн Оманды кеминде эки гол айырма менен утушу керек болчу. Эки команданын тең чыгуусу D тайпасында 3-катардагы Индонезия командасынын плей-оффко өтүшүнө шарт түздү.

Азия кубогунун плей-офф баскычына өткөн командалар:
А тайпасы: Катар, Тажикстан
B тайпасы: Австралия, Өзбекстан, Сирия
C тайпасы: Иран, Бириккен Араб Эмираттары, Палестина
D тайпасы: Ирак, Жапония, Индонезия
Е тайпасы: Бахрейн, Түштүк Корея, Иордания
F тайпасы: Сауд Арабиясы, Тайланд

Кыргызстан курама командасы тайпалык баскычта алгач Тайландга 2:0, Сауд Арабиясына да ушундай эле эсеп менен жеңилген.

Футболчу Гүлжигит Алыкулов оюндан кийин күйөрмандардан кечирим сурады.
"Бул мелдеш бизге чоң сабак болду, Каталардын үстүндө иштейбиз. Кыргыз элимден кечирим сурайбыз" - деди ал.

1/8 беттештерин 28-январда Австралия менен Индонезиянын беттеши баштайт. Жеңилген команда кубоктон четтетилип, утканы кийинки баскычка өтөт.

Оман курамасы оюн алдында.

Азия кубогу төрт жылда бир болот. Буга чейин 18 жолу өткөн мелдештерде Жапония төрт жолу, Сауд Арабиясы менен Иран үч жолудан, Түштүк Корея эки ирет чемпион болсо, Кувейт, Катар, Австралия, Израил жана Ирак курамалары бир жолудан чемпион болгон.

Кыргызстандын улуттук курамасы ушуну менен экинчи жолу Азия Кубогунда ойноду. 2019-жылы өткөн мелдеште команда Азия Кубогунун 1/8 финалына чыккан эле.