Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Ош шаары.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 26-январда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз -3…+2;

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1;

Баткен,Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3 градус, күндүз 3…8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6 градус болот.

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, ал эми күндүз 0...-5 градус болот.

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -22...-27, күндүз -7...-12° градус суук болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Туман түшүүсү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 0…-2 градус суук болот.

Дагы караңыз

Украин армиясы 11 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирдиОш шаардык соту блогер Улукбек Карыбек уулунун ишин кыскартты Кумар оюндары тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окуудан өттү ТИМ өзбек жарандарынын Кыргызстанда жүрүү эрежелери тууралуу билдирүү таратты