Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:59

Украин армиясы 11 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди


Одесса шаары дрон чабуулунан кийин. 25-январь 2024-жыл
Одесса шаары дрон чабуулунан кийин. 25-январь 2024-жыл

Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү бейшембиге караган түнү өлкө аймагына 14 дрон менен чабуул коюлганын, Одесса жана Николаев облусунда 11и атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Одесса акыркы бир суткада эки жолу чабуулга туш болуп, турак үйлөр, өнөр жай объектиси, жарандык инфраструктура жабыркады. Эки киши жарадар болду. Бул тууралуу облустун башчысы Олег Кипер кабарлады.

Маалыматка караганда, Харьков облусунда 20 чакты айыл-кыштак артиллериядан жана минометтордон аткыланганда 4 киши жараат алды. Херсон дагы танктардын, авиациянын, артиллериянын, учкучсуз учактардын чабуулуна туш болду. Дүрмөттөр калк жашаган кварталдарга, эки жогорку окуу жайга, инфраструктура менен кампага тийген, бир киши каза тапты, ону жараат алды.

Украин армиясынын дагы бир маалыматына караганда, Орусиянын Белгород облусунан Харьков тарапка 4 ракета, дагы бири оккупацияланган Донецк облусунан атылды.

Харьков шаарында 23-январда орус армиясынын аткылоосунан каза тапкандарга аза күтүп жатышат. Чабуулдан 10 киши набыт болгон, кеминде 60 киши, арасында алты бала жабыркаган. Мэр Игорь Тереховдун айтымында, согуш башталгандан бери Украинанын экинчи ири шаары - Харьковдо мындай масштабдуу трагедия болгон эмес.

2022-жылдын 27-февралында орус аскерлери шаарга кирип барып, анын борборуна чейин жеткен. Бирок украин армиясы туруштук берип, аларды сүрүп чыгарган. Ошондон бери Харьков такай аткылоого кабылып келатат.

XS
SM
MD
LG