Кумар оюндары тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окуудан өттү

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда уруксат берилип, лицензия алган казино жана букмекердик кеңселерден мамлекеттик бюджетке жалпы 100 млн 464 миң сом салык түштү. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов 25-январда Жогорку Кеңеште депутат Акылбек Түмөнбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын сөзүнө караганда, ар бир казино оюн үстөлүнө жараша салык төлөйт.

"100 млн 464 миң сом - казино салыгы жана киреше салыгы. Алардын ар биринде 9дан 19га чейин үстөлү бар. Ар бир үстөлдүн ставкасы 450 миң сом. Мисалы, "Гранд казино" 57 млн 542 миң сом, "Кристалл казино" 37 млн 238 миң сом, "Т инвест" букмекери 3 млн 103 миң сом, "Транс гейм" букмекери 2 млн 360 миң сом төлөгөн".

Финансы көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Марат Пирназаров былтыр эки казиного лицензия сатуудан 168 млн сом мамлекеттик бюджетке түшкөнүн кошумчалады. Ошондой эле 4 букмекер конторага лицензия берилип, экөө кайра алынган.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков салыктын көлөмү аздыгын белгилеп, мыйзамдын чийкилигин айтты.

Депутат Дастан Бекешев казиного уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан чакта өкмөттүн андан жыл сайын 1 млрд сом киреше түшөт деген божомолун эстетти.

Жогорку Кеңеш 25-январда "Кумар оюндары тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү" жөнүндө мыйзам долбоорун 3-окуудан карап, кабыл алды.

Казино ишмердигине 2012-жылы 1-январда салынган тыюу 2022-жылы алынган. Кумарканага уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров ошол жылы 30-июнда кол койгон. Парламентте мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынган.

Расмий маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн ачылган эки казино иштеп жатат.

Алардын бири "Гранд казино" президенттин жакын санаалашы делген Арзыбек Буркановдун жакындарына таандык экенин журналисттер иликтеп чыгышкан. Мындан сырткары "Казино Кристал" ишканасына лицензия берилгени сентябрда маалым болгон.

Мыйзамга ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казиного киргизилбейт. Өкмөт кумар оюндарынан казынага 2 млрд сомго жакын акча түшөрүн билдирген. (ZKo)

Дагы караңыз

ТИМ өзбек жарандарынын Кыргызстанда жүрүү эрежелери тууралуу билдирүү таратты"Сапат" окуучуларга кол көтөргөн мугалим иштен алынганын билдирди"Башынан эле артыкчылык койгон". Мирзиёевдин Бээжин сапары эмне максатты көздөйт? Министр Амангелдиев Кабулда "Талибан" өкмөтүнүн өкүлү менен жолуктуДепутат Ашимова кыздардын медреселерин текшерүүгө чакырды